1.1 C
Бишкек
Суббота, 4 декабря, 2021

20 жылдыгына деген акчасына тиш салып берген күйөөмө рахмат

Экөөбүз бул күндү аябай күткөнбүз. Айылдан шаарга келип бир сыйра кийинип кеттик. Балдарды кимге таштарыбызга чейин пландадык. 20 жылдык бир жолу келип жатса, кантип барбай коелу дедик. Күйөөмдүкү, меники эки жылдан кийин болот.

Ютубга кирип бийлерди карап чыктык. Эми жакшынакай бийлейли деген эле ой. Мен шиш така менен басканды, күйөөм галстук тагынганды үйрөндү. Ошентип классташтардын жолугушуусуна бир жума калды.

Эртең менен бетим шишип ойгонду. Аны өзүм байкаган деле эмесмин. Күйөөм көрө калды. Дароо тиш доктурга жөнөдүк. Тишимди жулуп, операция жасаш керек болду. Инфекция кирип кеткен имиш. Таптаза эле тиш болчу. Ыйладым. Пландардын баары өлдү. Эң негизгиси бизде дарыгер сураган акча жок болчу.

Күйөөм ойлонбостон операция жасатабыз деди. Кыйналып жатканымды көрүп чыдай албады.

Отурушка деген акчасынын баарын мага жумшады. Кийин дагы бир нерсе болбосун деп, башка тиштериме чейин текшертти. Жакшы тамактансын деп атайын кафенин тамактарын ташып жатты. “Мен тамак жасасам окшошподу, сатып эле алып келип турууну чечтим” деди. Жүрөгүм жылыды.

Билесиңерби, бир дагы жолу акчанын баары сага кетти деп кейиген жок. Кечеге барбай калганыбызга ал эмес, мен кейип жаттым. Күйөөм бейкапар басып жүрдү. Классташтары чалып жанын коюшпайт. “Аялым туруп жалгыз бармак белем” деп баш тартат. Ушундай убакта шишиген тишиме ачуум келди. Ырас эле жулдуруп салыпмын.

Үйгө келдим. Илинип турган жаңы көйнөгүмдү көрүп ыза болдум. Жумушка дагы кийип барганга болбойт. Дос-туугандардын кимиси той берет экен деп күтүш керек эми. Мени байкап турган күйөөм, “жүр кийин, өзүбүз майрамдайбыз” деди. Ал дагы жаңы алган костюм менен шымын кийип, балдарды алып жакшы бир кафеге бардык. Экөөбүз вальс бийледик. Балдарыбыз тик-ток тартышты. Сонун отуруп келдик. Ушундай ыраазы болдум. Ичим жылып, кайрадан жаралдым.

Күйөөмдү күлүп карап келатып чалынып кеттим. Жаңы көйнөгүм менен уйдун жампасына кулап түштүм. Каткырдык. Ошентип жаңы көйнөк дагы өлдү. Бул сонун күндү карылыкка алдырып ийип эле унутпасам, эсимде түбөлүккө сакталып калат. Күйөөмдүн мага болгон сыйы үчүн чексиз ыраазымын.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Эрдогандын сөзүнөн кийин Орусияда Түркиядан келген азыктардан вирус табылды

Орусиянын "Россельхознадзор" мекемеси Түркиядан алынып келинген мөмө-жемиштерден коркунучтуу монилиоз жана помидордон вирус табылганын кабарлады. 23-сентябрда мекеменин өкүлдөрү Түркиянын Айыл жана токой чарба министрлигинин Азык-түлүк...

Жакырчылыктын сазына батып баратабыз. Чыдайбызбы?

Пандемияга, бийлик алмашуусуна, дагы башка шылтоолорго таянып, өзүбүздү-өзүбүз алдап жашап келе жатабыз. Жыл санап өлкөбүздүн экономикасы төмөндөгөнү төмөндөп баратат. Төмөндөгү чыныгы статистикага үңүлсөк дагы...

Кытайдагы кышкы Олимпиада оюндарына чет өлкөлүк көрүүчүлөр киргизилбейт. Себеби:

Кытайда 2022-жылы өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына чет өлкөлүк көрүүчүлөр киргизилбейт. Мындай чечимди Эл аралык Олимпиада комитети кабыл алды. Билеттер Кытайдын материк бөлүгүндө жашаган жана...

Көп окулгандар

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

16 жаштамын атамдын байкесинин баласы шымымды чечип жамбашыма…

Мен 16 жаштамын атамын бир тууган байкесинин баласы бар.Ал мага башкача карайт.Бир куну уйго келип калды анан уйдо эч ким жок болчу.Мен уктап жаткам...

Мага агайым тийишип кабинетке камап алып…

Саламатсыздарбы аноним кылып чыгарыр беринизчи мектепте окуйм 8 класста практикага келген агайым тийишип дежурство кылып калган элем ошондо тийишип суйлоп баштады бир эки кундон...

Актриса, теле алып баруучу Назира Айтбекова кимден токмок жеди?

Назира Айтбекованын айтканы. “Аябай корком. Үнүңдүн өктөм чыгышы эле жүрөгүмдү оозума тыгат. Лакылдап жаны чыгып бараткан куштай тыбырчылап жиберет. Анткени колуңдун оордугун, ал денеме тийгенден...