1.1 C
Бишкек
Вторник, 7 декабря, 2021

Ахматбек Келдибеков: “Мындайга жол берүүгѳ болбойт, жол бергендерди жазасыз калтыру

–Ахматбек мырза, президент Сооронбай Жээнбековдун Москвага болгон сапарында айланасындагы ат кошчуларынын арасынан аты жаман ылаң чыгып, ажобуз күтүлгөн аскердик парадка катыша албай, бул жагы коомчулукта сынга алынып, алтургай дүйнөлүк алкакта да кызуу сөзгө алынууда. Сиз бул көрүнүштү кандай кабыл алдыңыз?

–Бул Ата-Мекендик дүйнѳлүк экинчи согушта Кыргызстандан 360 миңден ашуун адам аттанып, алардын  ичинен160 миңден ашуун жоокер согушта курман болгон. Ошондой эле Берлинге туу сайган жоокерлердин бири кыргыз элинин уулу экени тарых барактарында жазылуу. Бул күнү биздин аталарыбыздын нар кѳтѳргүс эмгеги, биздин мекен үчүн жанын аябай каза тапкан агаларыбыздын эрдиги дүйнѳгѳ дагы бир ирет даңктала турган күн. Бул күн кыргыз эли үчүн жѳн гана Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы эмес, бул күн эскерүү күнү жана алардын эрдиги менен урпактары сыймыктанып, аларды даңктай турган күн.

Ал эми Кыргызстандын президенти аскердик парадка катыша албай калгандыгы бул команданын шалаакылыгы. Буга жол бергендер ким болбосун тийешелүү жазасын алышы керек. Ошондой эле биздин делегациянын курамынын жана биринчи кезекте ѳлкѳ башчысынын ден соолугу үчүн керт башы менен жооп бере турган бул саламаттыкты сактоо министри. Ал эми ушул иштердин, эл аралык мааниге ээ сапардын уюштуруучусу жана жоопкери бул президенттин аппараты. Бир нече ѳлкѳ башчылары чогулган, дүйнѳ кѳз салып турган жолугушууга жоопкерчиликсиз мамиле кылган аткаминерлер ал кандай баалуу же кесипкѳй адис болбосун жоопкерчиликке тартылып, кызматтан кетүүсү керек.

Анткени, алар бир гана Кыргыз Республикасынын Президентин эмес, бүтүндѳй ѳлкѳнүн, жалпы –журттун, бүткүл кыргыз элинин шаабайын суутуп, кадыр-баркына доо кетирди. Мындайга жол берүүгѳ болбойт жана бул нерсеге жол бергендерди жазасыз калтырууга мүмкүн эмес! Анткени, бул нерсе мамлекеттүүлүккѳ доо кетирет. Ар бир ѳлкѳнүн президенти ѳз мамлекетинин жүзү  катары бааланып,  ѳз элинин кадыр-баркын кѳтѳрүп жүрѳт. Ошондуктан бул нерсени кокустук деп баалоого болбойт!

Анткени, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата эл аралык маанидеги иш чара ѳтѳрү жана бул иш чарага президент дагы катышары эки ай мурун белгилүү болгон. Бул президентти коштоп барган делегация мүчѳлѳрүнүн ар биринин саламаттыгын кылдат текшерүүгѳ жетишерлик убакыт болчу. Ошондуктан, президенти коштоп барган делегациянын вирус аныкталган мүчѳлѳрүнүн саламаттыгын караган кайсы оорукана же клиника болбосун анын башкы дарыгери иштен кетүүсү кажет. Анткени, ар бир мамлекеттик кызматкер ѳз милдетин жана ага жүктѳлгѳн жоопкерчилигин сезе билүүсү абзел.

 

–Кызматтан алуу менен гана чектелебизби? Президенттик аппарат баш болгон тийиштүү органдар өлкө башчыбызга жогорудагыдай шалаакы кадамдары үчүн саясый саботаж жасашты да, туурабы?

-Албетте, алардын шалаакылыгы менен жоопкерчиликсиздиги ѳлкѳ башчысын ыңгайсыз гана абалга калтырбастан, бул кыргыз бийлигинин жоопкерчиликсиздигин, шалаакылыгын, кенебестигин айгинеледи. Бул мамлекеттүүлүккө шек келтирет!

 

–Айрым саясат таануучулар Жээнбековдун парадка катыша албаган соңку кадамы Россия менен болгон мамилеге көлөкө түшүргөнүн белгилешүүдө. Мындай тыянактар негиздүү деп ойлойсузбу?

— Жок. Бул окуяга кандайдыр бир саясий боёк берүүнүн ага башкаларды күнѳѳлѳнүн кереги жок. Бул президенттин аппаратынын, саламаттыкты сактоо министрлигинин жана президенттин ден соолугуна жооп бере турган атайын тиешелүү мекемелердин жоопкерчиликсиз мамилеси болду. Ошон үчүн алар кандай баалуу же кесипкөй адис болбосун саясий чечим алып, кызматтан кетүүлѳрү кажет. Эгерде президентке ушундай кѳңүл кош, шалаакы мамиле жасалып жатса анда карапайым калкка кандай мамиле болушу мүмкүн?

Мезгил Ньюс

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Тажиктерге кыргыздарды жамандаган кыз кечирим сурады

Тажик-Кыргыз жаңжалы болуп турган убакта тажик жарандары менен түз эфирге чыгып кыргыз бийлигин сындап, силер-тажиктер ыймандуу жакшы элсиңер деп айткан кыргыз жараны өз кайрылуусун...

(Чукул кабар) — Улан Үсөйүндү түндө артынан эметип кетишти!

ЛГБТ кыймылынын жүрүшүнүн активдүү катышуучусу жана уюштуруучусу, жарандык активист Улан Үсөйүндү түндө артынан эметишти, аӊдышты. Бул тууралуу ал өзү айтты. “Мени артымдан аӊдып жүрүштү”-деп...

Калдарбек Койлубайтегин: «Бабанов 17-октябрда Кой-Ташка АШАнын туулган күнүнө кайсыл бети менен куттуктап барат?»

«Бабановду азыр шайлоо эмес, таптакыр башка маселе кызыктырып турат», - деди бүгүн, 13-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине журналист Калдарбек Койлубайтегин. - Бабанов Кыргызстанга шайлоодо өз партиясын...

Көп окулгандар

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

16 жаштамын атамдын байкесинин баласы шымымды чечип жамбашыма…

Мен 16 жаштамын атамын бир тууган байкесинин баласы бар.Ал мага башкача карайт.Бир куну уйго келип калды анан уйдо эч ким жок болчу.Мен уктап жаткам...

Мага агайым тийишип кабинетке камап алып…

Саламатсыздарбы аноним кылып чыгарыр беринизчи мектепте окуйм 8 класста практикага келген агайым тийишип дежурство кылып калган элем ошондо тийишип суйлоп баштады бир эки кундон...