10.1 C
Бишкек
Пятница, 3 декабря, 2021

Айка: Атам мени зордуктаса дагы, аны жакшы көрөм

Саламатсыздарбы, менин атым Айка 19 жаштамын. Мектепти бүтүп өзүм каалаган окууга тапшырдым, жогорку окуу жайда аракети күч, умтулуумда күндөн-күнгө жогорулап, тил үйрөнүү курстарына жазылдым. Азыр деле ошол бийик максаттарым бар. Окуп атам, кошумча жумушта иштейм. Өзүмдү-өзүм каржылап, эч кимге көз каранды эмесмин.Университетте чогуу окуган групалаштарым менин тарбияма карап, аябай адептүү үй-бүлөдө чоңойгон деп билишет. Ооба анысы чын, апам ушунчалык сабырдуу, акылдуу, атам канча зомбулук көрсөтсө да балдарым жок дегенде эненин мээримин көрүп чоңойсун деп бизди таштаган жок. Атам күндө ичип келет, бир жакка кетсе, ичкенибиз ирим, жегенибиз желим. Качан келип чыр салат деп түндө эшикке качканга даярданабыз. Жылуу кийимдерди, нан суу алып чыгып эшиктеги кампага коёбуз. Түн бир окумунда келип баягы адаты баарыбызды үйдөн кууп чыгат. Эгер үйдүн ичинде калып калсак, бурчка тургузуп алып эзет. Мындай окуялар кайталана берди. Бир күнү апам тай энем ооруп кичинекей иним сиңдимди алып кетти. Иним экөөбүз үйдө калдык. Атам баягысынча мас келди. Ал күнү негедир бизди урушпай жатып калды. Сүйүнгөн жаныбыз уктап кетиптирбиз. Бир маалда үстүмдөн оор бир нерсе басып, уйкусурап көпкө кыңылдап жаттым. Ойгонуп кетсем атам менин үстүмдө, зордуктаганы атыптыр. Коркуп кетип бакырсам, иним ойгонуп кетти. Атам билмексен болуп,  нары жылып жатып калды. Жүрөгүм түшүп, эмне болгонун сезбей калдым. Иним экөөбүз качып атамдын агасынын үйүнө бардык. Саат түнкү үчтөр чамасы болчу. Алар биздин үйдө эмне болорун беш колдой эле билишчү, дагы ичип алдыбы, ай кургур ушунусун токтотсо болот эле деп Насыр чоң атам кейип, сүйлөнүп атып жатты.

Мен анда 13 жашта болчумун. Ошол күндөн тарта коркок болуп, денемди калтырак басып, кээде ыйлай берчү болдум. Апам аны билбейт. Ансыз да анын мээси атамдын чирик сөздөрүнө толгон. Аны айтып дагы капа кылайынбы. Өзүм анан инимден башка эч ким билбейт. Азыр 19га чыксам да ошол атамдын бизге  кылган орой мамилеси, зомбулугу көңүлүмдү оорутат. Бул ойлорду бүт дүйнөмдөн алып салуу аракетин көрүүдөмүн. Китепти көп окуганды адатка айландырдым. Ансыз жан дүйнөм өткөн күндөргө кайрылып алсырай берет. Билесиздерби мындай жашоого кабылган менин апам эле эмес, мен жана менин бир туугандарым эле эмес. Бизге окшогондор канча? Аталар эмнеге кыздарын зордукташат? Бул өтө караңгычылык, билимсиздик. Алардын балдарынын баары эле жашоосун улап кетпейт. Ичип кетет же жаман жолдорго барышы мүмкүн. Аны аракеч ата ойлойбу? Балдарынын өзүндөй ичкич болуп калышынан кооптонбойбу?

Мен мындай жашоодон улам ата-эне балдарына мээрим төгүп, жакшы сөзүн айтып, билимге үндөсө тарбиялуу балдар чыкмак деген бүтүмгө келдим. Ошол тарбиялуу балдар, мыкты балдарды өстүрмөк. Ата-эненин жашоодо ролу өтө чоң экен. Үй-бүлө курардан мурда  кыз менен бала ата-эне болууга даярмынбы? – деген суроону өздөрүнө берип алышса,  өздөрүн биринчи тарбиялап анан бала тарбиялоого өтүшсө деген ойго келдим. Атамды ата катары сыйлайм, жадакалса дагы да мойнунан кучактап эркелегим келет. Азыр атам ичпеген зыңгыраган киши. Жараткандан ыйлап суранчубуз атам ичпей калса экен деп, көп жылдар өтсө да биздин тилегибиз орундалды. Баарына шүгүр. Атам ичпей калды. Жакшы аталар жок эмес, мыкты ата болгондорго таазим.

Азыр мен жашоомду жакшыртууга болгон аракетимди жумшап жатам. Апамдын ден соолугун карайм. Бул нерселердин болгону да мен үчүн сабак болгонсуйт. Эгер сиздердин жашооңуздарда кыйынчылык болсо, сабырдуулук менен чыдаңыздар. Эч качан жаман ойго чөмүлүп, жаман жолго барууну ойлобоңуздар…

Интернет булактарынан алынды

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Баңгизат сатып жүргөн жаран кармалды

ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери Жалал-Абад облусунун аймагында баңгизаттарды жайылтып жүргөндөр жөнүндө маалымат алышкан. Ошондой эле, алар сатып алуучуларды издеп жаткандыгы жөнүндө дагы...

Рыскелди Момбеков: «Бул шайлоонун жыйынтыгы дагы былтыркыдай жокко чыгышы керек»

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого «Социал Демократтар» партиясынан талапкер болгон Рыскелди Момбеков бул шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгышы керек дейт. Мындай пикирин ал Инстаграм баракчасындагы «Stories» бөлүмүнө жазды. «Социал...

Байсалов: Курманбек Бакиев кандай болбосун өлкөбүздүн президенти болгон

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Ала-Тоо 24» телеканалынын 17-октябрдагы эфиринде азыркы бийликтин кадр саясаты тууралуу айтып берди.

Көп окулгандар

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

16 жаштамын атамдын байкесинин баласы шымымды чечип жамбашыма…

Мен 16 жаштамын атамын бир тууган байкесинин баласы бар.Ал мага башкача карайт.Бир куну уйго келип калды анан уйдо эч ким жок болчу.Мен уктап жаткам...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Мага агайым тийишип кабинетке камап алып…

Саламатсыздарбы аноним кылып чыгарыр беринизчи мектепте окуйм 8 класста практикага келген агайым тийишип дежурство кылып калган элем ошондо тийишип суйлоп баштады бир эки кундон...

Актриса, теле алып баруучу Назира Айтбекова кимден токмок жеди?

Назира Айтбекованын айтканы. “Аябай корком. Үнүңдүн өктөм чыгышы эле жүрөгүмдү оозума тыгат. Лакылдап жаны чыгып бараткан куштай тыбырчылап жиберет. Анткени колуңдун оордугун, ал денеме тийгенден...