-5.9 C
Бишкек
Четверг, 27 января, 2022

Акылбек Жапаров Нур-Султандан Аскар Мамин менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Нур-Султан шаарына (Казакстан Республикасы) жумушчу сапарынын жүрүшүндө Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Өкмөт башчылар Акылбек Жапаров жана Аскар Мамин ар кыл тармактагы өз ара кызыкчылык туудурган эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөдөгү маселелерин талкуулады.

Тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн зарылдыгы тууралуу бирдей пикирин билдирип, экономикалык, логистикалык, транспорттук, вегетациялык, суу-энергетикалык жана башка чөйрөлөрдөгү долбоорлорду илгерилетүү боюнча реалдуу кадамдарды жасоону макулдашты.

Жолугушуунун катышуучулары айыл чарба тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө басым жасады, буга катар казак тарап кант өндүрүү менен алектенген кыргыз ишкерлери менен тажрыйба алмашууга кызыкдарлыгын билдирди, ошондой эле кант кызылчасын жана кант сырьёсун өстүрүү боюнча биргелешкен ишканаларды ачуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Ошондой эле казак тарап 1000 тонна күздүк буудайды жеткирүүгө жардам берери белгиленди.

Акылбек Жапаров республиканын 12 миң тонна буудайга болгон муктаждыгы бар экенин айтып, казак тараптан көрсөтүлгөн көлөмдү сатып алууга даяр экенин билдирди.

Тараптар ошондой эле калкты коммуналдык жана айыл чарба техникалары менен камсыздоо боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Акылбек Жапаров белгилегендей, жакын арада Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча 2000 даана автобус ишке киргизилет, ошол эле учурда бул транспортту жеткирүүчүнү аныктоо маселеси чечилүүдө.

Өз кезегинде Казакстан Республикасынын Премьер-министри аталган долбоорду ишке ашырууга даярдыгын билдирди жана Казакстан Республикасында өндүрүлгөн электр автобустары үнөмдүү, коопсуз жана узак мөөнөткө пайдаланылаарын кошумчалады.

Ошондой эле ал казакстандык ишкерлер Кыргыз Республикасынын экономикасына кеңири чөйрөдө инвестиция салууга даяр экенин билдирди.

Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында дүң-бөлүштүрүү борборлорун түзүү жана иштетүү боюнча биргелешкен Иш-чаралар планын (“Жол картасы”), ошондой эле 2022-жылдын февраль айында ишке киргизүү пландалып жаткан “Ак-Тилек” жана “Карасу” автожол өткөрүү пункттары аймагында индустриалдык соода-логистикалык комплексин түзүү жана иштетүү маселесин талкуулады.

Аталган долбоорлорду ишке ашыруу эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү көлөмүн жогоорулатууга мүмкүндүк берет, келечекте аны 2 млрд АКШ долларына дейре жогорулатуу сунушталууда.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Жасалма тамеки, алкоголдук ичимдиктер аныкталды

Кеминдеги жана Бишкектеги бир катар дүкөндөрдөгү рейддин жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан 264 миң сомдук жасалма тамеки жана алкоголдук ичимдиктер аныкталды. Ошентип, 122,4 миң...

“Манас” аэропортунда жүргүнчүлөр дагы жаңжал чыгарышты (видео)

"Манас" аэропортунун жүргүнчүлөрү дагы ызы-чуу жаратты. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына окуянын күбөлөрү билдирди.Эскерте кетсек, Flydubai авиакомпаниясынын кардарлары эки күндөн бери БАЭге уча албай жатышат....

Панорамадан 30-35 жаштар чамасындагы аял кишинин жансыз денеси табылды

Бишкек шаарынын Көк-Жар айылына жакын жайгашкан Панорамадан 30-35 жаштар чамасындагы аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу күч түзүмдөрү билдирет. Айыл тургундарынын айтымдарына ылайык, ал...

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...