-0.9 C
Бишкек
Вторник, 18 января, 2022

Акылбек Жапаров: Жөлөк пулдун айрым түрү жаңы жылдан тарта 200 пайызга жогорулайт

Балдардын социалдык жөлөк пулу жыл жаңыргандан тарта жогорулай турганын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын 1-октябрынан тарта ай сайын социалдык жөлөк пул алган балдардын жана бала кезинен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жөлөк пулунун өлчөмү 50 пайызга жогорулатылды.

«2022-жылдын 1-январынан тартып ал 100 пайызга, айрым категориялардыкы 200 пайызга жогорулатылат. Бирок биз муну менен эле токтоп калбайбыз, келечекте жөлөк пулдун, пенсиянын өлчөмүн жашоо минимумунан төмөн эмес деңгээлге көтөрүүнүн үстүндө иштеп жатабыз», — деген Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Коопсуздук кеңешинин жыйынында өкмөттүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча пландары тууралуу да маалымат берген.

Анын айтымында, учурда айыл чарбасында тогуз кластердик багытты өнүктүрүү боюнча иштер башталды. Бул өлкөнү керектүү продукция менен камсыз кылып, беш жылдан соң экспортко чыгууга шарт түзөт.

«Мындан тышкары, 17 миллиард сомго чейинки капитал менен турукташтыруу фонду түзүлөт. Мунун ичинен азык-түлүк коопсуздугун сактоо максатында алты миллиард сомго чейин каражат бөлүп жатабыз. Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо иретинде бюджеттин тартыштыгына, пандемияга байланыштуу чыгымдарга карабастан, биз бир катар салыктардан бошотуу, жеңилдиктерди берүү кадамына бардык», — деген Жапаров.

Жапаров Кытайга ата мекендик продукцияны экспорттоону жогорулатууга багытталган иштер жүрүп жатканын айткан. Ошондой эле дүйнөлүк рынокту биринчи кезекте нукура, экологиялык жактан таза продукция менен багындыруу зарыл экенин белгилеген.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Кайсы партиялар парламентке өттү? Алдын ала жыйынтыктар

Саат 20:00до парламенттик шайлоо жыйынтыкталды. Шайлоочулар эки бюллетендин негизинде добуш беришет. Биринчи бюллетень - бир мандаттуу округ боюнча. Эске салсак, өлкө 36 округга бөлүнгөн....

Шаршенбек Абдыкеримов үч ыр үчүн ырчыга 2, 5 млн. сом төлөгөн

№33 бир мандаттуу Нарын шайлоо округуна депутаттыкка талапкер Шаршенбек Абдыкеримов «АКИpress» агенттигине ырчыга мекен тууралуу ырларды аткарганы үчүн 2,5 миллион сом төлөгөнүн айтып берди. Агенттиктин...

Асел Кадырбекова: “Эч кимге жакпайсың… Кыскасы байкуш болуп эле көрүнүш керек окшойт” (ФОТО)

Ырчы Асел Кадырбекова ал канчалык бактылуу экенин жазганы сайын негатив көбөюп жатканын айтат: "Мен канчалык көп сүрөттөрдү жарыялап, бактылуумун, сүйөм жана сүйүлүп жашайм деп...

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...