-3.9 C
Бишкек
Пятница, 21 января, 2022

Араванда Ирактан кайтарылган балдардын реаблитацияланышына мониторинг жасашты

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев менен биргеликте Ош облусунун Араван районунда Ирактан кайтарылган балдардын реаблитацияланышына мониторинг жасашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Рысбекова жана Базарбаев жашоо шарттары, мамлекеттик жана муниципалдык органдар тарабынан көрсөтүлгөн социалдык, билим берүү жана башка кызматтар менен таанышышты.

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кайтып келген балдар билим алып жаткан билим берүү мекемелеринде болуп, мугалимдер менен аларды адаптациялоо жана окуу процессине киргизүү маселелерин талкуулады.

Тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан балдардын толук жана коопсуз жашоосу үчүн аларды кайра социалдаштыруу жана реабилитациялоо боюнча иштер жүргүзүлдү.

Учурда бардык балдар камкордук каттоосу менен үй-бүлөдө жашашат. Окуу жылынын башынан бери мекенине келген 50 мектеп жашындагы балдар жалпы билим берүү уюмдарына барышты, 17 мектеп жашына чейинки балдар жашаган жери боюнча бала бакчага жайгаштырылды, 12 жеткинчек камкорчулардын каалоосу боюнча үйдө тарбияланууда.

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги бардык мекенине кайтып келген балдарга кийим-кече жана тамак-аш түрүндө гуманитардык жардам көрсөттү. Ошондой эле балдарды реабилитациялоо жана социалдаштыруу боюнча иштерди жакшыртуу боюнча сунуштар берилди.

 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Көп кабаттуу үйдүн 12-кабатынан кулап каза болду

Бишкек шаарында 12- кабаттан кулаган жаран каза тапты. Бул тууралуу күбөлөр жергиликтүү басылмаларга билдиришти. Маалыматта, Бишкек шаарына караштуу 12-кичи районунун көп кабаттуу имаратынын 12-кабатынан эркек...

Күнүнө 1500 сом таппасаӊар келбегиле… Эки баласын тилемчиликке мажбурлаган энеге иш козголду

«Күнүнө 1500 сом таппасаӊар келбегиле…», — деп, эки баласын күндө тилемчиликке жумшаган эненин балдарын мамлекет өз карамагына алды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер...

Мамлекеттик катчы баш болгон топ «Ата-Бейитке» барып, ата-бабаларды эскеришти

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 7-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүндө “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовду Кыргыз Республикасынын Министрлер...

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...