1.1 C
Бишкек
Вторник, 7 декабря, 2021

АСКАР АКАЕВ “ТОЙГОНЧО ЖЕП, ӨЛГӨНЧӨ КАРГАНУУДА”

“Карма ууруну карма” деп ууру жүрөт” дегендей эле кеп болууда. Мурунку качкын президент Аскар Акаев каратып туруп жанын жеп жатат. Биринчи калпы: “Бирштейнди мен тааныбайт элем, мага аны маркум Насирдин Исанов тааныштырды” дейт. Бирштейнди Москвадан Бишкекке ээрчите келип, Акаевге Чыңгыз Айтматов тааныштырган. Ошол кезде Чыңгыз агабыз деле мамлекетибиз өссүн деген жакшы ой, изги тилек менен тааныштырса керек. Эгер Акаев коррупционер болбосо, “Сиабеко” компаниясынын башчысы Бирштейнге Акүйдүн 7-кабатынан орун берип, эмне үчүн кеңешчи кылып алды эле?

Экинчиден, “Сиабеко” кийин “Камекого” айланып, алтын казуучу комбинат кура баштайт. “Камеко” компаниясын Аскар Акаев жерге-сууга тийгизбей мактап, “чоң масштабдуу инвестордук компания” деп кыргыз элинин башын айлантуу аракетин кылып келген. Мына, “Камеко” эч кандай инвестор эмес эле афёралык компания экенин турмуш тастыктап отурбайбы? Болбосо “Камеконун” уставдык капиталында (ошол кезде) болгону 500 миң АКШ доллары болгон. Алтынды казып алууга каражаттары жок, биздин Кумтөрдүн алтынын кепилдикке коюп, Дүйнөлүк банктан 460 миллион АКШ долларын алып, кура баштаган. Куруп бүткөн кезде сметалык наркынан алда канча чыгымдарын көбөйтүп, кен казууну баштап-баштабай жатып, бизди кайра 176 миллион АКШ долларына карыз кылып, мойнубузга илген. Эмне үчүн ошондо Акаев текшерүүгө барбай, алардын филкино грамотасына макул болгон?

Үчүнчүдөн, канадалыктар “Камеко” компаниясына биздин Кумтөрдөгү активдерибизди азайтыш үчүн дочерний “Центерра Голд” компаниясын түзөт. Акаев ушул жерден дагы өз кызыкчылыгын мамлекеттин кызыкчылыгынан өйдө коюп, чоң салымын кошот.

Төртүнчүдөн, Акаевдин эң чоң күнөөсү – кыргыз элине кыянаттык кылып, 2003-2004-жылдары “Камеко” “Центерра Голд” компаниялары менен түзүлгөн коррупциялык келишимдерде мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы камтылбай калганы. Муну кыргыз эли күнү бүгүнкүдөй билет. Кумтөрдөгү элдин ырыскысын кесип жеп кеткен Акаевди эми дыкат текшерип, Москвадан алып келип, түрмөгө тыгыш керек! Элдин ырыскысын жеген кандай болот экенин көргөзүү зарыл. Ушул жерден бийлик башындагыларга айта кетүүчү жагдай: ичип-жегени кагаз жүзүндө фактылар менен далилденип жатса дагы, бозгун Акаев “тойгончо жеп, өлгөнчө карганып” жатат. Баса, Казакстандын мурунку премьер-министри Кажагельдиндин кайрылуусу эсиме түштү (ал азыр Европа өлкөлөрүндө жашап, иштеп жүрөт): “Кимде-ким, мейли өлкө башчылары болобу, көмүскө экономика менен шугулданып, өлкөсүн тоноп, качып жүргөн болсо, маа десе Швейцария банкына алтынын, акчасын, баалуу кагаздарын салып койсун, ал жактан оңой эле байлыктарын, көмүскөдөн алып чыгууга болот” дегени. Урматтуу бийлик башындагылар! Ошондуктан адалсынган Аскар Акаевдин накта жүзүн ачуу – учур талабы!

Болуш Султанов 

“Азия Ньюс” гезити

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

СҮРӨТ – Джо Байден Аза күтүү күнүндө кимге жини келип кыйкырган?

АКШ президенти Джо Байден Нью-Йоркто 2001-жылы 11-сентябрдагы террордук кол салуудан курман болгондорду эскерүү аземинде бет кабын чечип кыйкырды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты. Маалыматка ылайык,...

Баса албаган аялым менен 10 жыл жашаганымды эрдик катары көрбөйм

- Үмүт бар. Бирок, азырынча мынча пайыз деп кепилдик бере албайм. - Үмүт деген эле сөзүңүз биз үчүн үмүт байке. - Эртең келгиле. Палатадан...

Шайлоого карата мектептер аралыктан окууга өтүштү

Бишкектеги мектептер аралыктан окутууга өттү. Айрым билим берүү мекемелери бүгүн, 25-ноябрда онлайн деп аталган окууга өтсө, калгандары эртең дистанциялык окууга чыгышат. Ал эми бул жерде кеп...

Көп окулгандар

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

16 жаштамын атамдын байкесинин баласы шымымды чечип жамбашыма…

Мен 16 жаштамын атамын бир тууган байкесинин баласы бар.Ал мага башкача карайт.Бир куну уйго келип калды анан уйдо эч ким жок болчу.Мен уктап жаткам...

Мага агайым тийишип кабинетке камап алып…

Саламатсыздарбы аноним кылып чыгарыр беринизчи мектепте окуйм 8 класста практикага келген агайым тийишип дежурство кылып калган элем ошондо тийишип суйлоп баштады бир эки кундон...