-5.9 C
Бишкек
Четверг, 27 января, 2022

Аскар Акаевден бардык айыптар алынып салынды

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Москвага учуп кеткенин анын жакыны, коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков билдирди.

Анын айтымында, мурдагы мамлекет башчыдан бардык айыптар алынып салынды – Акаевге козголгон кылмыш иши кылмыштын курамы жок болгондуктан токтотулган. Тергөөдө анын өзү да, жакындары да «Кумтөр» долбоорунан эч кандай акча албагандары аныкталган.

«Аскар Аскаревдин Centerra Gold Inc. компаниясында бир дагы үлүшү жок. 2003-жылы өкмөт «Центерраны» түзүү чечимин кабыл алган. Макулдашууну мамлекеттик комиссия даярдап, анын курамына “Кыргызалтын” ишканасы, өкмөттүн жана парламенттин өкүлдөрү, анын ичинде Акылбек Жапаров кирген. Өкмөт келишимди бекитип гана берген. Бул келишим бекитилер алдында Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта корунун эксперттери тарабынан каралып чыккан. Алар оң баа беришти. Аскар Акаев буга чейин мамлекеттик комиссияга ишенип текшербегенин кемчилик катары эсептеп, элден кечирим сураган», – деди Бекболот Талгарбеков.

Анын айтымында, Акаев Кумтөр боюнча суроолорго жооп берди жана анын катышуусу зарыл болгон бардык тергөө иштери жыйынтыкталды.

«Ал үчүн Кыргызстанга жол ачылды, эми каалаган убакта келе алат. Бул сапарда Аскар Акаевди уулу Илим коштоп жүрдү», – деди Талгарбеков.

[ajax_load_more container_type=”div” post_type=”post” images_loaded=”true”]

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Токон Мамытов Парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматтан кетүүгө арыз жазган

Акыйкатчы Токон Мамытов парламенттик шайлоого аттануу үчүн отставкага кетүү боюнча арызын жазды. Ал жергиликтүү басылмалардын бирине,  «Адам укугун коргоо үчүң мыйзамдарды кайра жазып чыгыш керек,...

Жапыкеев: “Келинчегим ак сөөк үй-бүлөдөн. Ал Аскар Салымбековдун жакын тууганы”

SUPER. KG порталынын #ГалстукТар долбооруна конокко келген Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеев жубайы, үй бүлөсү тууралуу айтып берди. «Жубайым Эркегүл Мамаева менен байкем тааныштырган. Ал...

Эл турмушун жакшыртпаган акимдер керт баштары менен жооп беришет

«Эл турмушун жакшыртуу үчүн жер-жерлерде акимдер керт башыңар менен жооптуу болосуңар», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, бүгүн, 21-октябрда, жергиликтүү өз алдынча...

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...