10.1 C
Бишкек
Пятница, 3 декабря, 2021

Атама да кол көтөрөт. Энеси ичкиликке берилип, аргасы түгөнгөн кыздын каты

“Психолог менен баарлашуу” рубрикасына ичип кеткен энесинин азабын, атасынын аялына кор болуп жашап жатканын айтып, окурман кыз кат жазган.

Саламатсыңарбы, сиздерге кат жазганымдын себеби үйдөгү көйгөй, апамдын атама кол көтөргөнү болду. Апам менен атам алыскы айылдардын биринде жашайт. Биз эки кыз, бир уул, үч бир тууганбыз. Сиңдим экөөбүз шаардабыз. Мен тигүү цехинде иштейм, сиңдим колледжде окуп жатат. Байкем да үйдөгү жаңжалдан тажап шаарга баса берген. Ал да курулуш тармагында иштеп жүрөт. Үйлөнө элек. Үйлөнгүсү келсе деле келинчегин үйгө алып баргандан уялса керек. Мен деле 25 жашка чыгып калганым менен азырынча турмуш курууну ойлонгон да жокмун. Себеби апамдын кылык-жоругунан уялам.

Мурда аябай жакшы турчубуз, апам бухгалтер, атамдын менчик трактору болуп өз оокатыбызга тың элек. Бир кезде ата-энем айылга элден биринчи жаңы стандарттагы чоң там да салышкан. Кийин апам жумушунан кетип, айылда дүкөн ачып иштете баштады. Ошол кезди ойлосом сонун болчу. Дүкөндө каалаган таттуулар, үйдө тынчтык. Атам болсо талаа иштери, чарбасы менен алек болуп жүрчү. Кийин ошол дүкөнүбүз биздин үйдөгү беймарал жашообузга бүлүк салды.

Алгач апам келген-кеткендер менен ууртап-татып анча-мынча кызуу болуп келип жатты. Башында ага көп деле көңүл бурган жокпуз. Кийин бирге ичкендерге карыз берип коюп, кээде кимге бергенин билбей калып жүрүп акыры банкрот болуп отуруп калды. Ошол тыйындарынын башы чыкпай баштаганда ичкени көбөйгөн апамдын урушу да арбыды. Эки күндүн биринде уруш-талаш. Кийин аракка акча таппай калганда буюмдарды да сатып иче баштады.

Апам мас болгондо аябай кишичил. Үйдөгүлөргө күн көрсөтпөйт. Ошондуктан сиңдимди да жаныма алууга туура келди. Алагүү кезинде колуна эмне тийсе чабат. Атамды үтүк, үбөлүк менен чаап жиберген күндөрү болду. Атам байкуш бир кезде баркы бар айылдаштарынын алдында өлбөгөн төрт шыйрагы калды көрүнөт. Азыр апам ичип алса эле атама кол салат. Үйдө тынчтык жок. Айылга барганда кеткиче шашабыз. Анткени колубуздан эчтеке келбейт. Башында апамды дарылатып да көргөнбүз. Кийин ээ боло албай калдык. Апама ачуум келгенде атамды шаарга алып кетүүнү да ойлойм. Бирок өзүбүз кенедей батирде турабыз. Сиңдимди окутуп жатам. Апамды да кантип жалгыз калтырып кетебиз. Иши кылып айла жок болуп калды.

Психолог Айгүл Ысыкеева

Ичимдик адамдын жеке жашоосуна жана үй-бүлөсүнө кыйынчылыктарды гана алып келет. Ичкен адам жашоосун өзгөртүү үчүн бир гана өзү чечим чыгарып күрөшө алат. Алкоголизм — бул эмоционалдык көз карандылык. Ал бара-бара химиялык көз карандылыкка алып келет. Ошондой эле ичкиликке берилгендер деградацияга туш болот. Үйдө атасы же энеси ичсе, ортодо балдар үчүн чоң кыйынчылыктар жаралат.

Ал эми дарылоо жагын алсак, ичкен адамдын өзүнүн каалоосу болмоюнча зордоп дарылоо мүмкүн эмес. Ал киши мындай чечимге өзү келиши керек.

Балдар негизинен өзүнүн жеке жашоосун ата-энесиникинен айырмалай билүүсү кажет. Алардан алыстап жалгыз жашоо — кээ бир учурда туура чечим болот. Ата-энесинин трагедиясы алардын жашоосун талкалап салуусуна жол бербеши керек. Мындай көйгөй менен жашоо кыйын, бирок ага да көнүп кетүүгө болот. Ал үчүн ар кандай өзүн коргоо ыкмалары бар. Ошондой техникаларды үйрөнүп, өз жашоосун баалашы керек. Баары бир өмүр өтүп жатат, жашоону өкүнүчтө өткөрүп албаганга аракет жасагыла. Алдыга койгон максатыңарга жетүүгө умтулуп, бири-бириңерди колдон жетелеп, туруп кетишиңер керек. Силер азыр жашсыңар, баары алдыда. Ал эми атаңарга колдон келишинче көмөк көрсөтүп, колдоп тургула. Атаңарды абдан аяйт экенсиңер, бирок ушунча запкынын баарын чыдап көтөрүп жүрүүгө өзү макул болгон. Бул — анын чечими.

Бишкекте алкоголиктердин анонимдүү реабилитациялык борборлору бар. Эгер макул десе, апаңарды ошондой борборлорго алып барсаңар болот. Мен силерге күч-кубат каалап, өз жашооңорду баалоону үйрөнүшүңөр керектигин айтар элем.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Акжолдун агасы Бексултан Махмудов турнирден байге утту

Кыргызстандан барган балбандар Бексултан Махмудов менен Калы Сулайманов Россияда өтүп жаткан эл аралык турнирден коло медаль утту. Турнир Александр Нестеренконун жаркын элесине арналып уюштурулган....

Бензинди кантип үнөмдөсө болот. Адистин кеңеши

Адис бензин кымбаттап жаткан учурда аны үнөмдөөнүн бир нече ыкмасын айтып берди. Мисалы, газга өткөндөн тышкары, айдоо манерасын өзгөртүү керек экен. Дүйнө жүзү боюнча күйүүчү...

БШКнын сайтында дагы деле мүчүлүштүктөр байкалууда: 14% кайда жок болуп кетти?

Учурда БШКнын сайтында шайлоонун жыйынтыктары онлайн режимде улам жарыяланып турат, сайттагы мүчүлүштүктөр дале байкалууда. Пайыз көрсөтүлө турган графада жалпы пайыз 100%ды эмес, 86,56%ды көрсөтүп...

Көп окулгандар

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

16 жаштамын атамдын байкесинин баласы шымымды чечип жамбашыма…

Мен 16 жаштамын атамын бир тууган байкесинин баласы бар.Ал мага башкача карайт.Бир куну уйго келип калды анан уйдо эч ким жок болчу.Мен уктап жаткам...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Мага агайым тийишип кабинетке камап алып…

Саламатсыздарбы аноним кылып чыгарыр беринизчи мектепте окуйм 8 класста практикага келген агайым тийишип дежурство кылып калган элем ошондо тийишип суйлоп баштады бир эки кундон...

Актриса, теле алып баруучу Назира Айтбекова кимден токмок жеди?

Назира Айтбекованын айтканы. “Аябай корком. Үнүңдүн өктөм чыгышы эле жүрөгүмдү оозума тыгат. Лакылдап жаны чыгып бараткан куштай тыбырчылап жиберет. Анткени колуңдун оордугун, ал денеме тийгенден...