-5.9 C
Бишкек
Четверг, 27 января, 2022

“Аягына чыгарам”. Жапаров Коррупцияга каршы күрөшүү күнүнө карата кайрылуу жасады.

Президент Садыр Жапаров Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу өлкө башчынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Kaktus.media кайрылуунун текстин жарыялайт:

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Кадырлуу калайык-калк!

Азыркы ааламдашуу, пандемия шарттарында жемкордукка каршы күрөшүү маселелери актуалдуу бойдон калууда. Анткени алар дале болсо мамлекеттик мекемелер менен коомдук турмуштун туруктуулугуна коркунуч жаратып келет.

Жыл сайын 9-декабрда белгиленүүчү Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүн утурлай, Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун Коррупцияга каршы конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча аракеттерди улантып жатат.

Кыргызстан өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткарууда БУУнун кеңсеси менен биргеликте жогоруда аталган документтин алкагында талдоо- изилдөөлөрдү ийгиликтүү жүргүздү. Мындан тышкары, мамлекетибиз башка эл аралык антикоррупциялык уюмдардын да иш-чараларына жандуу катышууда. Ошол эле учурда, келечекте Кыргызстанды Европа Кеңешинин Жемкордукка каршы күрөшкөн өлкөлөр тобуна киргизүү мүмкүнчүлүгү иликтенүүдө.

Ушул тапта республикабызда мамлекеттик кызматкерлердин декларация тапшыруу тартибин өркүндөтүү маселеси, алардын мүлкү тууралуу маалыматтарды текшерүүнү жакшыртуу, жемкордук көрүнүштөрүнө катыштыгы барларды ырасмий кызматтарга жолотпоо, бул маселелерди чечүүгө коомчулуктун катыштыгын кеңейтүү, калк арасында коррупцияга каршы стандарттарды жайылтуу чаралары артыкчылыктуу багыт катары каралууда.

Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин алдына коюлган тапшырманын негизинде азыр жаңы программалык документ иштеп чыгарылууда. Анда жүзөгө ашырыла турган тапшырмалар жана максаттар так белгилениши зарыл. Кыргызстандын жемкордукка каршы аракеттениши боюнча даярдалып жаткан жаңы улуттук стратегиясында аталган багыт эске алынат деген ойдомун.

Колдонуудагы мыйзамдардын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чаралары менен аракеттенүү тартиби толук жөнгө салынбай, мамлекеттик органдардын, кызмат адамдарынын жоопкерчилиги так белгиленген эмес, дал ошондуктан жемкорлорго каршы жүргүзгөн күрөшүбүз натыйжа бербей жатат.

Башкы прокуратура “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасын алды. Ал декларативдүү гана мүнөздө болбой, учурдун жана дүйнөдөгү заманбап талаптарга жооп бериши керек.

Эмки жылдын башында ушул жана башка долбоорлорду жүзөгө ашыралы деген ниеттебиз.

Биз өлкөдөгү жемкордукту жоюу саясатына зор маани берип, сөзсүз ишибиздин өтөөсүнө чыгабыз. Өлкөнүн өнүгүүсүнө залакасын тийгизип жаткан коррупциялык көрүнүштөрдү ооздуктоого саясий эрк жетиштүү! Биздин бул жааттагы иш-аракеттерибиз элибиздин жашоо-турмушунун сапатын көтөрүүгө, мамлекеттик аппараттын ишин жакшыртууга, бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу сарптоого багытталат!”.

Башкы беттеги сүрөт президенттик аппараттын маалыматтык сайтынан алынды.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Күйөөмдү же сүйгөн жигитти тандай албай убарамын, кеңеш бериңиздерчи?

“Мен Бишкектеги кафелердин биринде администратор болуп иштейм. Жолдошум, бир уулум, бир кызым бар. Улуусу төрт жашта, кичүүсү эки жашта. Бишкектен ата-энебиз квартира сатып беришкен....

Жогорку Кеңеш президенттин сунушуна макул болбой атып, араң көндү

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке кайрылып, Жогорку соттун судьясы Дильфуза Боронбаеваны кызматтан алып салууну суранган. Бул тууралуу 22-декабрда парламенттин жыйынында президенттин ЖКдагы өкүлү Алмазбек...

Блогер Гүлзат Мамытбек ачкачылык акциясын чай ичип улантууда

Гүлзат Мамытбек деген ат менен белгилүү болгон блогер Гүлзат Алымкулова ачкачылык акциясын улантууда. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Гүлзат Мамытбек Бишкектеги...

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...