-5.9 C
Бишкек
Пятница, 28 января, 2022

Аял күйөөсүн балка менен өлтүргөн. Кайниси сөөктү жашырууга жардамдашкан

Кара-Буура райондук соту күйөөсүн өлтүргөн аялга карата өкүм чыгарды. Соттун аныктамасы Жогорку соттун сайтында жарыяланды.

Аты-жөнү өзгөртүлдү.

Мерием менен өлтүрүлгөн Османдын бир тууганы мурда соттолгон эмес. Экөө тең 1994-жылы туулган, Талас районунун Новодонецк айылынын тургундары.

Тергөөнүн жүрүшүндө Мерием 2021-жылдын 30-январында, саат 23:30дар чамасында, өз үйүндө күйөөсү Хасан менен уруша кеткени аныкталган. Жаңжал учурунда ал диванда жаткан балканы алып, күйөөсүнүн башына жана бетине уруп, Хасан ошол жерден каза болгон. Андан кийин соттолуучу Османга телефон чалып, кылмыштын изин жашырууга жардам берүүнү суранган. Жездеси келгенде Хасандын сөөгүн сыртка көтөрүп, сарайдын артына таштап кетишет.

Мерием тагылган айып менен макул эмес. Анын айтымында, 29-январда Хасан үйгө иниси Осман менен келген. Анан күйөөсү экөө мал багууну унутуп калгандыктан уруша кеткен. Хасан көчөгө чыкканда Осман агасы менен эмес, Мерьем менен калганын айтты. Хасан улуу баласын ээрчитип конокко кеткен.

Кайтып келгенде алар чогуу чай ичип, чоң балдарды жаткырып, кичүүсүн тамактандырып жатыптыр. Ошол маалда Осмондон кызганган Хасан аялын ийинине чаап, башына тээп жиберет. Мерьем башка бөлмөгө балдар менен уктаганы кетип калган.

Бир аздан кийин, кошуна бөлмөдөн ызы-чуу угулуп, ал чыгып караганда колунда балка кармаган Осмонду жана кандуу Хасанды көргөн. Осман ага болгон окуяны бирөөгө айтса, балдарын балка менен чаап жиберерин айтат. Ошондуктан ал коркуп, унчукпай Хасандын сөөгүн үйдөн алып чыгууга жардам берет. Анан мешке кандуу жаздык менен балканы ыргытып жиберген.

Бир канча убакыт өткөндөн кийин ал кошунасына телефон чалып, күйөөсү али келе электигин айтып, издөөгө жардам берүүсүн суранган. Кошунасы аялы менен келип Хасандын сөөгүн сарайдын капталынан табышкан. Ошондон кийин гана дарыгерлерди жана участкалык милицияны чакырышкан.

Айыпталуучу аялды милиция суракка алып кетип, ошол жерден коркутуп-үркүтүшкөнүн, ошондуктан ал күнөөнү мойнуна алганын белгиледи.

Ал эми Осман анын сөздөрүн четке какты. Анын айтымында, 29-январда Мерием ага телефон чалып, тез арада келүүсүн суранган. Үйүнө барганда Хасан диванда шейшепке оролуп жаткан. Мерьем андан жардам берүүнү талап кылып, антпесе аны да балка менен өлтүрөрүн айткан. Ошондуктан агасынын сөөгүн сыртка алып чыгууга макул болгон. Анын айтымында кийинчерээк Мерием милицияга жеткирилип, кылган ишин мойнуна алган.

Соттук отурумда кошуналары 30-январь күнү эртең менен Мерьем аларга телефон чалып, Хасан короодо бирөө басып бараткандай сезилгени үчүн, чыгып кеткенин, ошол боюнча үйгө кирбей калганын айтып чакырган. Алар Хасандын үйүнө келгенде, тосмо жабык болгондуктан, Мерьем алардан бакча аркылуу кирүүнү суранган. Сарайдын жанынан өтүп баратканда Хасанды көрүп, анын кан тамыры сокпой калганын билишкен.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында Хасан башынан алган жаракатынан улам каза болгон. Анын баш сөөгү, мурду жана жаагы сынган.

Сот иштин материалдарын изилдеп чыгып, Мериемди 10 жылга эркинен ажыратып, 130 миң сом айыпка жыкты. Ал эми Османды 3 жылга эркинен ажыратышкан. Ага карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 83-беренеси колдонулуп, жыйынтыгында 2 жылга шарттуу түрдө кесилген.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Ысык-Атада 32 жаштагы келин 3 эм төрөдү

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Милянфан айылынын 32 жаштагы тургуну үч эм төрөдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынын...

Чүйдө эшиги бекилип калган батирдин ичинен улгайган аял куткарылды

Чүйдө куткаруучулар улгайган аялды куткарышты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Токмок шаары, 3-кичи районунда жайгашкан батирдин эшиги ичинен жабылып калып, үйдүн ичинде...

Жапаров БУУнун биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө Конвенциясынын катышуучуларынын 15-кеңешмесинде видеокайрылуу жасады

Бүгүн 12-октябрда өлкө башчы Садыр Жапаров БУУнун эгидасы астында уюштурулган биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө Конвенциясынын катышуучуларынын он бешинчи кеңешмесинде (КС-15) видеокайрылуу жасады. Бул тууралуу...

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...