1.1 C
Бишкек
Суббота, 4 декабря, 2021

Аялымды төшөккө чакырсам, эмнеге дароо келбей турганын эми түшүндүм

Калп айтпасам жыйырманчы же отузунчу жолу “уктагыла” дедим окшойт. “Азыр ата” деген боюнча дагы эле компьютерлерин чукулап отурушат. Ачуум менен бөлмөлөрүнө кирип барсам “мына, мына” дешип өчүрө калышты. Эми дароо жатып калышса бир жөн, бири-бирин чукулап, кыткылыкташып кайра ачуумду келтиришти. Светин өчүрүп чыгып кетсем, эшикти жабарым менен кайра күйдү. Уруштум. Үчөө үч жакты караган бойдон акыры уйкуга киришти.

Эми мен дагы барып жатып эс алайын дедим. Биринчи эшикти кулптадымбы текшердим. Анан терезелерди карап чыктым. Ашканын жанынан өтүп баратып этти алып чыгып коюу керек экенин эстедим. Алып чыктым. Анан раковинадагы идиштерди жууп, нанды пакетке салып, көгөргөндөрүн итке алып чыктым.

Үйгө кирип баратып кургаган кирлерди көрдүм. Шамал учуруп кетпесин деп аларды чогулта баштадым. Бул арадагараждын эшиги ачык экенин байкадым. Аны жапканы барып, картошка ала кирүү керек экенин эстедим. Бир колума картошка, бир колума кирлерди көтөрүп үйгө кирдим.

Кирип баратып бутумду чечсем, шлепкамдын бирөөсү тепкичтен жерге түшүп кетти. Аны алам деп ийилип, кичүү баламдын мектепке кийген тапичкесин көрүп калдым. Аны алып ордуна койдум. Кирлерди бүктөп шкафка салдым. Бул арада кичүү балам сием деп ойгонуп алды. Аны сийгизип келатып, машинада жуулган кирлер жайылбай калганын көрдүм. Аларды “сушилкага” жайып коюп, эми уктайын десем телевизордун пульту жерде чачылып жатканын көрдүм. Кыязы, балдар түшүрүп алган окшойт. Батарейкасын салып ордуна койдум.

Акыры кербетиме жеттим. Өх… Аялымды “бас уктайлы” деп төшөккө чакырсам кеч келет эле. Анын себебин бүгүн түшүндүм. Көрсө, ары-бери ушинтип жүрө берет турбайбы. А мен аны күтүп жатып, кайра эмнеге дароо келбейсиң, светтен көзүм ооруп чыкты деп буркулдайт элем.

Айылга кайын энемден кабар алганы кеткен. Эки күн болуп калды. Жумуштан сурандым эле. Тезирээк келсе экен, чарчаганымдан ыйлагым келип чыкты. Эртең дагы эрте туруш керек. Жалгыз жаман келсе, мындан ары ага жардам берем.

Бөлмөмдүн эшиги ачылды. Жаңы эле башымды жаздыкка койдум эле. Ортончу уулум экен.

– Эмне болду?

– Ата, сийип келеличи, эшик караңгы экен.

“Алтыным, батыраак келчи!” Аялымды сагындым.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Оштогу “Ак-Мөөр” жатаканасында жашагандар күч менен чыгарылды

Бүгүн,6-октябрда Ош шаарындагы “Ак-Мөөр” жатаканасынын бир бөлүгүндө жашаган тургундар чыгарылды. Жашоочулардын жактоочусу Төлөгөн Келдибаевдин айтымында, сот аткаруучулар тургундарды чыгарып, акт түзүп кетишкен. “40тан ашуун сот аткаруучулар “Тез...

8-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 8-сентябрда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +15 … +20,...

Дүйнө чемпионаты: 2 кыргыз балбандын жеңишин видеодон көрүңүз

Грециянын Лутарки шаарында күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда 2 кыргыз балбаны жарым финалга чыгышты.  70 килограмм салмакта катышкан Талант Бегалиевдин алгачкы атаандашы килемге чыкпагандыгына байланыштуу...

Көп окулгандар

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

16 жаштамын атамдын байкесинин баласы шымымды чечип жамбашыма…

Мен 16 жаштамын атамын бир тууган байкесинин баласы бар.Ал мага башкача карайт.Бир куну уйго келип калды анан уйдо эч ким жок болчу.Мен уктап жаткам...

Мага агайым тийишип кабинетке камап алып…

Саламатсыздарбы аноним кылып чыгарыр беринизчи мектепте окуйм 8 класста практикага келген агайым тийишип дежурство кылып калган элем ошондо тийишип суйлоп баштады бир эки кундон...

Актриса, теле алып баруучу Назира Айтбекова кимден токмок жеди?

Назира Айтбекованын айтканы. “Аябай корком. Үнүңдүн өктөм чыгышы эле жүрөгүмдү оозума тыгат. Лакылдап жаны чыгып бараткан куштай тыбырчылап жиберет. Анткени колуңдун оордугун, ал денеме тийгенден...