1.1 C
Бишкек
Суббота, 4 декабря, 2021

Аялымдын 23-февралга берген белегин 14 жыл күткөм

Үч жыл мурун, 23-февралда аялымдан алган белегимди эч качан унутпайм. Азыр ал белек жанымда. Кудум өзүмө окшош. Суктанып эле карап отура бергим келет. Бул үчүн өмүрлүк жубайыма рахмат.

Төрт уулубуз бар. Төртөөнүн экөөсү эгиз. Үйдүн кебетесин айтпасам деле элестетип турсаңар керек. Кыскача сүрөттөп берсем, кой сарайыбыз тазараак. Бир жылдары ремонт жасап, дубалдардын баарына обои чаптап чыкканбыз. Кичүү уулубуз жөрмөлөп  баштагандан кийин дубалдардын жарымы жылаңач калды. Колу жеткен жердеги обоинин баарын жулуп ыргытты. Аялым экөөбүз ошондо ыза болуп, балдар чоңоюп, өзүнчө бөлүнүп кеткиче ремон кылбайбыз деп сүйлөшкөнбүз.

“Ай, үйлөнгөндөн кийин өзүнчө жашайсыңар!” Аялым менен кезектешип балдарыбызга ушинтип айтабыз.

Улуусу 14кө чыкты. Инилерине кошулуп алып, алардан кичинекей болуп кетет. Бирок, уулум боорукер, ооруп жатып калсам, байкатпай келип чекемди кармап, үстүмө жууркан жабат. Ойгонуп алып сен жаптыңбы десем, жок деп мойнуна албай коет. Намыскөй да.

Бешинчи ирет ата болот экенимди уккандан бери сүйүнүчүм койнума батпай жүрдүм. Мурда жумуштарым болуп калып келинчегим менен УЗИге барган эмесмин. Бул жолкусунда бир ай мурун жумуштан суранып койдум. “Куттуктайбыз, уулдуу болосуздар!” УЗИ тарткан жаш кыз ушинтип айтты. Көңүлүм түшүп калды.

Үйлөнгөндөн бери эле кыздуу болгум келчү. Жок, жаман ойлобогула, уулдарымды жанымдан артык көрөм. Бирок, кызымды ээрчитип алып жүргөнүмдү көп элестетээр элем.

Таң калыштуучу келинчегим капа болгон жок. УЗИдеги кыз менен бир нерселерди шыбырашып, анан коштошуп чыгып кетти. “Кебетең кантет”,-деп улам мени карап күлүп жатты.

– Сен деле бул жолкусу кыз болсун дебедиң беле, анан эмнеге кубанып жатасың.

– Жөн эле. Уул деле жакшы.

– Ооба, бирок… Макул, жүр кеттик.

Жол бою мени карап күлүп келди. Эч нерсе түшүнгөн жокмун.

Толгоосу башталды. Бейтапканага алып жөнөдүм. “Жанымда кетпе”,-деди. Буга чейин сыртта эле күтүп турчум. Макул болуп ичине кирдим. Медайымдар халат беришти. Аялымдын онтогонун көрүп өзүмдү коерге жер таппай жаттым. Эмне кылып жиберсем экен деп эки жакка чуркайм. “Тоскоол болуп жатасыз”,- деп акушер урушат.

Мына, уулумдун үнү жаңырды. Төрөт кабыл алган акушер медайымга “3 кг 840 гр, түнкү саат 01:00,  23-февраль”,-деп айтап, кайра мени карап “майрамыңызга сонун белек болду, кызыңызды алыңыз”,-десе болобу. Адашып калдыңар уулум десем, аялым ары жактан “сюрприз” деди.

Оозумду эки колум менен жаап алып ыйлап кирдим. Акылынан тайган немедей ары-бери баса бердим. Жашым токтобойт. Аялым “атасынын төшүнө жаткыргыла”,-деди. Мени жетелеп барып кушеткага жаткырышты. Көкүрөгүмө кызымды коюшту. Токтобой ыйлай бердим. Кызым, атаң сени 14 жыл күттү. Кош келдиң, берекем.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Адабият боюнча Нобель сыйлыгын танзаниялык жазуучу алды

 Стокгольмдо Нобель сыйлыгынын 2021-жылдагы ээлери жарыяланып жатат. Алардын арасында танзаниялык (Чыгыш Африкадагы өлкө) 73 жаштагы жазуучу Абдулразак Гурна да бар. Жазуучу 50 жылдан ашык өмүрүн...

ВИДЕО-Эмдөө учурунда дарыгер пайдаланган ийнени экинчи бейтапка сайган

Интернет желесинде дарыгер эмдөө учурунда сайып бүткөн ийнени кокусунан кайра сайып алган видео тараган. Маалыматка ылайык, бул видео Кытай мамлекетинде тартылган, бирок качан тартылганы белгисиз.  

“Бадыраң министри” Тилек Токтогазиев кимдин планын ишке ашырганы жүрөт?

Былтыр октябрь айында элдер бир кудайдын пендеси менен тааныш болуп калышты. Анын аты жөнү Тилек Токтогазиев. Анткени шайлоого чейин аты жыты белгисиз неме эле,...

Көп окулгандар

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

16 жаштамын атамдын байкесинин баласы шымымды чечип жамбашыма…

Мен 16 жаштамын атамын бир тууган байкесинин баласы бар.Ал мага башкача карайт.Бир куну уйго келип калды анан уйдо эч ким жок болчу.Мен уктап жаткам...

Мага агайым тийишип кабинетке камап алып…

Саламатсыздарбы аноним кылып чыгарыр беринизчи мектепте окуйм 8 класста практикага келген агайым тийишип дежурство кылып калган элем ошондо тийишип суйлоп баштады бир эки кундон...

Актриса, теле алып баруучу Назира Айтбекова кимден токмок жеди?

Назира Айтбекованын айтканы. “Аябай корком. Үнүңдүн өктөм чыгышы эле жүрөгүмдү оозума тыгат. Лакылдап жаны чыгып бараткан куштай тыбырчылап жиберет. Анткени колуңдун оордугун, ал денеме тийгенден...