-3.9 C
Бишкек
Пятница, 21 января, 2022

Бөбөктөрдүн көз алдында бала бакча тарбиячылары чачташып мушташкан

Нарын облусунун Жумгал районунун Кабак айылындагы «Сайнап-Уултай» бала бакчасында эки тарбиячы ашпозчунун жардамчысын ур-токмокко алганын аймактык кабарчыга айыл тургундары билдиришти.

Маалым болгондой, окуя 18-октябрда болжол менен саат 09:30-10:00 чамасында болгон. Бул күнү бала бакчанын директору Жумагүл Медетова ден соолугуна байланыштуу Бишкек шаарына ооруканага кеткендиктен иш ордунда болгон эмес.

«Ашпозчу эжеге жардам берип, балдарга тамак, чай берчүмүн. Эртең мененкисин жумушка быламык, чай берер маалда барып калчумун. Тарбиячылар мага телефон чалганынан «чай коюп койгула» десем, «биз билбейбиз» дешкен. «Анда эч нерсесине тийбей эле койгула. Мен өзүм барып коём» деп койгом. Анан мен барсам, чайнекке (тефаль) суу куюп, иштетип коюшуптур. Мен ашканага кирип, балдарга быламык жасап бердим. Чайды карасам, чайнек иштебей калыптыр. “Күйүп кеткен го” деп тим болгом. Анан тарбиячылар Гүлсана Ырсалиева менен Жылдыз Рыспаева кирип келип эле «төлөйсүңөр деп жатат» дешти. «Жок төлөбөйсүңөр, мен төлөйм. Барып балдарыңарды карай бергиле» десем ызы-чуу болуп кетишти. Анан мени тамак куюп жаткан жеримден Гүлсана эже келип чаап, бетимди тытып, чачымдан жулуп, баса калып сабады. Берки тарбиячы ажыратуунун ордуна карап турду. Аягында экөөлөп киришти. Анан ары жактан кароолчу эже, ашпозчу эже менен дагы бир тарбиячы келип, арачалап калышты. Балдар деле көрүштү. Ошол маалда ашканага келген балдар да бар болчу.

Мен азыр үйдөмүн. Көк ала тактар, жарааттар бар. Укук коргоо органдарына арыз жазгам», – дейт ашпозчунун жардамчысы Мирзада Казыбаева.

Тарбиячы Гүлира Чаликованын айтымында, ашпозчунун жардамчысын сабады деген тарбиячылар кесиби боюнча мугалим.

«Жумагүл Медетова ооруп, Бишкек шаарына кеткенин бала бакчага баратып билдим. Анан ашканада болгон окуя боюнча бала бакчага барганда билип, таң калдым. Мен бүгүн, 21-октябрда Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнө бул иш боюнча маалымат бердим.

Тарбиячылардын бири тарыхчы, экинчиси орус тилчи. Окуя балдарга тамак берүүнүн астында болуп жатат. Азыр жабыр тарткан ашпозчунун жардамчысы жумушка чыга элек. Столго баса калып сабашып, бетин тытып салышыптыр. Денесинде да тактар бар экенин уктум», – деди Чаликова.

Тарбиячы Гүлсана Ырсалиеванын айтымында, жабырлануучудан кечирим сурап, Мирзада Казыбаева арызын кайтарып алган.

«Мындай ур-токмокко алынган эмес. Бир аз түшүнбөстүктөрдөн улам болуп кетти. Ал дагы кокустуктан эле арыз жазып алыптыр. Биз кечирим сурап, артынан барып эле арызын алдырдык. Чоң деле уруш болгон жок. Столго баса калып сабап, бетимди тытты дегенге кошулбайм. Денесинде деле көк ала тактар жок. Рентгенге түшүргөнбүз. Биз жакшы эле мамиледе болчубуз. Чайнекти төлөгүлө дегенден эле чыр чыгып кетти», – деди Г.Ырсалиева.

Ал эми Жылдыз Рыспаева Мирзада Казыбаева ур-токмокко албаганын, бери жакта эле карап турганын айтты.

«Мындай эле уруш болгон, азыр тынчыганбыз. Мен токмоктогон жокмун. Бери жакта эле карап тургам. Менин жанымда бала бакчада тарбияланган кыздардын бири бар болчу. Ошол үчүн барган эмесмин. Баса калып, чачтан алып сабаганын көргөн эмесмин», – деди Ж.Рыспаева.

Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук кабинетинин башчысы Тинатин Самудинова бул окуя боюнча кабары жок экенин, эми такталарын билдирди.

Ата-энелердин бири Дастан Абдыралиева бала бакчадагы мушташ бөбөктөргө терс таасирин берерин айтып, нааразы болду.

Ал эми Жумгал РИИБден бул окуя каттоого алынганын, учурда тергөө иштери жүрүп жатканын кабарлашты.

«Сайнап-Уултай» бала бакчасы 60 орундуу. Анда 18 кызматкер иш алып барат.

Бала бакчада видеокөзөмөл орнотулган эмес.

Булак: Турмуш.кж сайтынан алынды

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Элдар Абакиров: “Баалар 70%га чейин өстү, элдин айлыгы көбөйгөн жок”

Сегиз ай ичинде инфляция 6,2%ды түзүптүр. Тактап айтканда, азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктар 7,6%га кымбаттаган экен. Тышкы соода жүгүртүү январь-июлда 3,8 миллиард сомду түзүп, жыл...

1-орун 100 миң сом. Оштун брендин иштеп чыгууга сынак жүрүүдө

Учурда Ош шаарынын фирмалык стилин иштеп чыгуу үчүн “Ош – Silk Road Provider” деп аталган сынак жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы...

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...