-2.9 C
Бишкек
Понедельник, 24 января, 2022

Бүгүн адам укуктарынын күнү. Президент кайрылуу жасады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу өлкө башчынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Kaktus.kg кайрылуунун текстин жарыялайт:

“Ардактуу мекендештер!

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

1948-жылдын 10-декабрында Бириккен Улуттар Уюму тарабынан алгачкы эл аралык документ – Адам укуктарынын жалпы декларациясы кабыл алынган. Анда инсандын негизги укуктары жазылып, алар менен бирге эркиндигин да коргоонун негизги принциптери түзүлгөн. Азыркы учурда аталган документ жана анын жоболору мамлекеттин демократиялык негиздерин бекемдөөдө чечүүчү ролду ойнойт.

Кыргыз Республикасы – дүйнөлүк шериктештиктин адамдын жана жарандын укуктарын чыңдоо, зомбулуктан коргоо, тургундарга татыктуу жашоо шарттарын камсыз кылууга байланышкан демилгелерди колдоого алган тең укуктуу мүчөсү. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, күчүнө кирген эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери өлкөнүн мыйзамдар тутумунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

Бүгүн биз жашообузду адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигин коргоодогу демократиялык баалуулуктарсыз элестете албайбыз. Мындай жетишкендиктердин ишеничтүү өбөлгөсү – аларды мындан ары чыңдоо.

1993-жылдын 5-майында конституциялык түзүлүштүн негиздеринин катарында адамды, анын укуктары менен эркиндигин жогорку асыл-нарк деп жар салып, Кыргыз Республикасы укуктук мамлекетти андан ары өркүндөтүү жолуна түшкөн. Негизги мыйзам өзүнө эл аралык тажрыйбаны камтып, өлкөнүн саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү жаңы тепкичти белгиледи.

Акыркы жылы мамлекеттин жетекчилиги астында өлкөнү өнүктүрүү боюнча жаңы кадамдар кабыл алынды. Республиканын тургундарынын экономикалык жана социалдык укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн ишенимдүү пайдубал түптөлдү. Ошондуктан, жарандардын аталган жааттагы укуктарын орундатуу үчүн шарттарды түзүү, балдарды колдоо, үй-бүлөлүк бакубаттыкты түзүү, пенсия курагындагы жарандарга чыныгы кам көрүү бардык деңгээлдеги бийлик түзүлүштөрүнүн биринчи кезектеги милдети болуп калды.

Динине, жынысына, улутуна, тилине, саясий көз караштарына карабастан, ар бир кыргызстандыктын укуктары менен эркиндигин камсыз кылуу жана коргоо Конституция менен кепилденген. Мындай укуктук мамлекетибизди андан ары өнүктүрүү – Кыргызстандын бардык бийлик бутактарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жалпы максаты.

Чыныгы укуктук коомду курууга багыт алган жолду жеңил деп айтууга болбойт. Ар бирибиз экономикасы туруктуу жана социалдык саясаты өнүккөн мамлекетти курууга өбөлгө түзүү үчүн бардык күчүбүздү жумшашыбыз керек. Биз күч-аракеттерибизди бириктирип, Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана эркиндигин сактоо аркылуу гана абалды жакшы жагына өзгөртө алабыз деп ишенем.

Бардык кыргызстандыктарга чын ниетимден тынчтык, бейкуттук, ден соолук, бакубаттык жана эртеңкиге болгон ишенимди каалайм!”

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

“11 жыл отуруп… Россиядагыдай тандем болот”. Текебаев азыркы бийлик тууралуу(видео)

"Бийлик менен макул болбогон талапкерди коркутушту. Алар айткан партияга кирсе батасын беришет, туура эмес тарапка барса батасын албай калат же көйгөйлөр жаралат. Азыркы бийликтегилер...

84 адамдан COVID-19 жаңы табылып, 2 бейтап каза болду

Кыргызстанда 8-октябрга карата коронавирус дагы 84 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет. Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 45, Ош шаарында...

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...