-5.9 C
Бишкек
Четверг, 27 января, 2022

Бабанов үчүн Казакстанга барды делген экс-депутат элчи болушу мүмкүн

Президент Садыр Жапаров Ибрагим Жунусовду Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматынан бошотту.

Ошол эле учурда алар бул кызматка кимди дайындоону пландап жатканы белгилүү болду. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү Мамасадык Бакировдун айтымында, өткөн аптада комитетте Өзбекстандагы элчилик кызматына Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Фархат Иминовдун талапкерлигин жактыруу маселеси көтөрүлгөн. Бирок маселе күн тартибинен алынып салынды.

“Бүгүн комитеттин тогуз мүчөсү добуш берүү жолу менен чечим кабыл алып, уруксат бергени белгилүү болду. Бирок бул мыйзамсыз. Бул талапкер, ким, кайда, кандай иш козголгон, кайда жүргөнүн, жашырынганын баарыңар билесиңер. Бул чечим Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлүшү керек” , – деди Бакиров ЖК жыйынында.

Маалыматка караганда, бул талапкер боюнча атайын кызматтын терс корутундусу чыккан. Бирок ага карабастан, Иминов сурамжылоодон өткөн.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы 2018-жылдын 3-февралындагы жыйынында “Республика-Ата Журт” партиясынын атынан чыккан Фархат Иминовдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алган. Ал мандатын өз ыктыяры менен тапшыруу боюнча арыздарды жазган.

Белгилей кетсек, шайлоо алдындагы үгүт маалында президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун каршылаштары Иминов Казакстандын жогорку бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүү үчүн Алматыга кетип, Кыргызстанда элдик толкундоолор үчүн чек араларды жабууну суранган деп айыпташкан.

Кийинчерээк Иминов бул билдирүүлөрдү “калп жана провокация” деп атаган.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Өлкөдө пандемиядан жалпы 2 миңден ашык адам көз жумган

Кыргызстанда коронавирус илдетинен бир сутка ичинде 3 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Ал эми коронавирус жаңы саны 100 адамдан табылса, 146 бейтап...

Бишкекте дааратканага 2 жаштагы бала түшүп кетти

Бишкек шаарында дааратканага 2 жаштагы бала түшүп кетти. Окуя Свердлов районунун аймагында 4-майда болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Айтылган дарекке...

Депутат: “Энергетиктерди чакырып алып өзүңөр жоксуңар”

Жогорку Кеңештин депутаты  Русланбек Жакышев жыйынга катышпай чыгып кеткен кесиптештерин сынга алды.Эл өкүлдөрү электр энергиясынын жапырт өчүрүлүшү боюнча маалымат алуу үчүн энергетика министри Доскул...

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...