3.1 C
Бишкек
Четверг, 13 января, 2022

Баклашка терип байыган байке

– Кечки саат 8-9дар болуп калган. Үйдө мусор чогулуп калганынан ыргытып келейин деп эшикке чыктым. Мусор таштаган челекке жакын келсем Запоржец машинеси токтоп туруптур. Ичимден « Аа, баягы крутой бомж келген экен» – деп койдум. Ары бери өткөндө көрүп калам, запорожец менен келип баклажка терген бирөө бар. Кээде «Тигил кыйын бомж экен эй, машине айдап алганын карабайсыңбы»- деп сүйлөшүп калчубуз. Мен ыргытчу мусорлордун арасында бир топ баклажка бар эле. Түз эле тигил кишиге бардым да:

– Меңиз бул баклажкаларды да алыныз дедим.
Тигил киши мага карап:

-Рахмат деди да, челек чукуганын уланта баштады. Мен артка кайрылып кетип баратып өзүмчө ойлонуп кеттим. «Бул киши бомж болсо, машинени кантип айдайт, документтери кандай болду экен»- деген ой башыма келе түштү да, кайра кайрылып:

– Машинени кантип айдап жүрөсүз, праваңыз барбы?- дедим.
Тигил киши челектен башын көтөрүп, мени бир саамга тиктеди да:

-Иним, мени эмне бомж ойлоп жатасынбы?-деди. Чындыгында мындай жоопту күтпөгөн жаным бир топко ыңгыйсыз боло түштүм.
-Анан, кантип ойломок элем, мусор салган челекти ошолор эле чукушат да, эми алар деле эптеп жан багыштын айласын кылып жүрүшпөйбү. –дедим.

Тиги киши колундагы колкаптарын чечип, чекесинен аккан терди аарчыды да, бери жактагы баклажка салганга ылайыктап тигилген чоң баштыктагы желим бөтөлкөлөрдүн үстүнө отурду:
– Иним, азыр заман бузулдубу же адамдар өзүбүз бузулдукпу билбейм, бирок адамдын ою чын эле бузулду. Мына карачы, өз эмгегим менен мусор чукуп болсо да, эч кимге зыянымды тийгизбей, балдарымды ыйлатпай, үй-бүлөмдү нааразы кылбай багып жатсам, сен мени бомж дейсин.-деди.
Мен дароо эле:

-Байке кечириңиз, эми өзүңүз деле түшүнөсүз да менден башкалар деле ошентип ойломок.-дедим.

– Ооба, элдин баары ошентип ойлойт. Бомждун жашаган жери, үй-бүлөөсү, максаты жок да. А, менин жашаган жерим бар, жөн эле жер эмес 5 бөлмөлүү үйүм бар, аялым бар, 3 балам бар, кол алдымда иштеген кишилерим бар, жана 4 машинем бар. Ишенбесең, Дордой конушуна кел, баарын көргөзөм.-деди.
Мен ишенип-ишенбей:

-А, эмнеге бул ишти тандап алдыңыз дедим.
Тигил киши мыйыгынан жылмайып:

-Ээй иним, менин турмушумду ушул иш оңдоду. Эмне деген гана жумуштарды иштебедим, кайда гана барбадым. Жокчулуктун айынан жеңең менен далай урушкан күндөр болду. Акыры бөтөлкө тергенге туура келди. Биринчи күнү тергенде кыйналдым, тааныштар көрүп койбосун деп беткапчан иштедим. Аялым урушуп, ажырашып кете жаздадык. Бара бара жумуш жакшы болуп, күнүнө жакшы акча таба баштадым. Ушунун арты менен бутка турдум да. Иштегениме үч жыл болду, үй салдым, урушчаак аялыма «Субару» алып бердим. Азыр 3-4 кишини жалдап алгам, алар да баклажка теришет. Тийиштүү акчаларын кечинде санап берем. Үйдө жатканда эмне, жумуш ушул болгон соң иштеш керек да, 4-5 саат иштеп койсом 1500-1700 сом таап алам. Башында досторум теңине деле алчу эмес, азыр байдын ырыскысы жуксун деп саламдашып турушат -деди.

Мен чындыгында таң калдым, эмгегине баа бердим. Ден-соолугубуз чың, акыл-эс бар, бирок жалкоо экенибизди ошондо билдим. Экөөбүз бир топко сүйлөшүп отурдук да, үйгө сапар алдым. Иштесең тиштейсиң деген ушул экен да. Азыр деле келип турат бат-баттан Запорожецтерди кайра кайра алмаштырып.

Мен күлүп калам, «Келиңиз учурашалы, байдын ырыскысы жугуп калаар»- деп.

Майрамбек Осмоналиевич

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Турмушка чыккам, бирок нике кыйылган эмес…

Ар дайым ушул суроону ойлоно берем. Анда сөз башынан болсун. Жаш болуп, “сүйөм, күйөм” десе алданып, боюмда болуп калды. Ал балага турмушка чыктым. Бирок,...

ВИДЕО – Сочида кучли ёмғир ёғиб, кўчаларни сув босди

Бүгүн, 25 -сентябрда Сочиде катуу жамгыр жаады. Лазаревский районунун Вардане кичи районундагы федералдык жолдун унаа жолун суу каптады. Бул тууралуу Комсомольская правда жазып чыкты....

Карап отуруп эле баарын үйрөнүп алган күйөө баламды жакшы көрөм

— Жакиш, эй Жакиш, Жакиш дейм? — Ай эмне болду? Кудагый сүйлөп жатат, жөн отурчу. — Кызыбызды таштагым келбей жатат. Кайра алып кетип калсакпы? — Атасы, ошентип дагы айтасыңбы....

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...