-5.9 C
Бишкек
Пятница, 28 января, 2022

Башкы Прокуратура Улан Аалиевдин кармалышы боюнча маалымат берди

Прокуратура тарабынан Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында кыйноо, опузалап пара алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, жогорудагы ички иштер башкармалыгынын айрым кызматкерлери мыйзамсыз пайда табуу максатында, алдын ала сүйлөшүп, кызмат абалынан пайдаланышып сотко чейинки ѳндүрүш иштери боюнча А.Т. аттуу жаранды камакка алуу шылтоосу менен ага карата моралдык жана психикалык кысым кѳрсѳтүшүп, анын кѳп балалуу жалгыз бой эне болгондугуна карабастан, өз максаттарына жетүү үчүн аны кайра-кайра негизсиз ички иштер башкармалыгына чакыртып, ѳзгѳчѳ ири ѳлчѳмдѳ опузалап пара талап кылышкан.

Бул фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 143-беренеси (кыйноолор), 320-беренесинин 2-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 326-беренесинин 2-бөлүмү (опузалап пара алуу) менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

2021-жылдын 21-октябрында Аскер прокуратурасынын тергѳѳ тобу тарабынан Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Уланбек Аалиев, тергѳѳ кызматынын мурдагы орун басары Талгат Куватбеков жана тергѳѳчү Рамазан кызы Айсулуу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде кармалышып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.

Учурда сотко чейинки ѳндүрүш иштери боюнча тийиштүү тергѳѳ амалдары жүргүзүлүүдѳ.

Бишкек: Октябрь РИИБинин жетекчиси кармалды

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Баткен ОИИБдин кызматкерлери жергиликтүү тургундарды коопсуз жайга көчүрүүгө жардам берүүдө

Коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөөдө. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. Андан...

“Төшөгүбүзгө жараша бутубузду суналы”. Садыр Жапаров жаңы депутаттарга кайрылды

Президент Садыр Жапаров Фейсбук баракчасы аркылуу жаңы шайланган Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылды. “7-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин урматтуу депутаттары, “Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы президенттин иш башкармалыгы менен биригип калыптыр,...

Сузакта тамак-аштан уулангандардын саны 124кө жетти

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда тамак-аштан уулангандардын саны 124гө жетти. Бул тууралуу санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Рома Ураимов билдирди. Маалыматка ылайык, жабыркаган 124 адамдын 16сы ооруканага...

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...