-3.9 C
Бишкек
Пятница, 21 января, 2022

Бажы чек арасы аркылуу товар өткөрүүнүн түрлөрү аныкталды

Бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдө коридорлордун түрлөрү аныкталды. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Мындай маалыматты министрлер кабинетинин басма соз кызматы таратты.

Аталган чечим бажы органдары тарабынан тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чараларды дифференттүү колдонуунун зарылдыгы аныкталбаган Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүнү тездетүү жана жөнөкөйлөтүү үчүн тобокелдиктерди башкаруу системасын пайдалануу максатында кабыл алынган.

Мындан улам, “Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 103-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык, бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүүдө коридорлордун төмөнкүдөй түрлөрү жана категориялоонун жыйынтыктары боюнча колдонулуучу тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча аларга тиешелүү чаралары аныкталды:

  • “жашыл коридор” – тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чаралар колдонулбайт;
  • “сары коридор” – документтерди текшерүү менен байланышкан тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чаралар колдонулат;
  • “кызыл коридор” – “бажылык жана башка документтерди жана (же) маалыматты текшерүү” жана “бажылык текшерүү” бажы контролунун формаларын милдеттүү түрдө колдонуу менен тобокелдиктерди минималдаштыруу үчүн бардык чаралар колдонулушу мүмкүн.

“Жашыл коридор” боюнча тобокелдиктин деңгээли төмөн болгон тышкы экономикалык иштин катышуучусунун дарегине өткөрүлүүчү жана ички керектөө үчүн чыгаруунун бажы жол-жобосуна жайгаштырылуучу товарларга карата товарларды чыгаруу мөөнөтүнүн индикатору – тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чараларды колдонбостон бажы декларациясы катталган учурдан тартып 30 мүнөттөн ашпаган убакытка белгиленип, буга бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте “жашыл коридордон” башка коридорго өткөрүү учурлары кирбейт.

Ошондой эле ушул токтомдун 2-пунктунда белгиленген учурларды кошпогондо, бажылык тариздөө жерлеринде бажылык декларациялоодо бажы декларациясы катталган учурдан тартып же Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 119-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлардын бири келип чыккан учурдан тартып товарларды чыгаруу мөөнөтүнүн индикатору – товарларды бажы жол-жобосуна жайгаштырууда үч сааттан ашпаган убакытка белгилөө чечими кабыл алынды.

Ал эми бажы декларациясы бажы органынын иш убактысынын аяктаарына үч сааттан аз убакыт калганда же Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 119-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлардын бири келип чыккан учурдан тартып катталган учурда – Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 119-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, ушул бажы органынын иштеп баштаган учурунан тартып 3 сааттын ичинде деп көрсөтүлгөн.

Жактарды тобокелдиктин төмөн, орто же жогорку деңгээлиндеги категорияларга киргизүү тартиби жана критерийлери бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат деп белгиленген.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Жогорку Кеңештин эң кедей жана эң бай депутаттары. Таң каласыз!

Kaktus.media Жогорку Кеңештин депутаттарынын 2019-жылдагы киреше жана чыгаша декларациясын изилдөөнү улантууда. Быйылкы пандемияга чейинки жылы 120 депутаттын 110унун кирешеси тууралуу отчеттор белгилүү болду.Кирешеси эң...

Аксыда депутаттыкка талапкер элге чай берип, 7 адам спиртке ууланып каза болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер элге чай берген. Анда 20 адам спиртке ууланып, 7 адам каза болду. Бул тууралуу super.kg...

Нарматова: Тергөө иштерин ачыктабоо боюнча кол койдум

Активист жана “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова сурак берип чыккандан кийин “Фейсбук” баракчасы аркылуу кайрылуу жасады. “Азыр мени атайын кызматкерлер туугандарымдын үйүнө алып келишти....

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...