10.1 C
Бишкек
Пятница, 3 декабря, 2021

Бирөөнү тоноп, качып бараткан балдар автокырсыктан көз жумду

Автожол кырсыгы катталып, 3 жаран каза болду. Алгачкы тергөөнүн алган маалыматарына караганда алар кырсыкка учураар алдында бир үйгө киришип каракчылык жасап чыгышкан. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 11-апрель күнү, саат 01:50 мүнөттө, Ош ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшүп анда, Ош-Ноокат автожолунда, Жапалак айылынын аймагында ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү жеӊил автоунаа менен “ДАФ-XF95430” үлгүсүндөгү автоунаа кагылышып, натыйжада автоунаанын ичиндеги 3 жаран каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам –тергөө тобу тарабынан каза болгон ВАЗ-2106 автомашинасынын ээси аныкталган. Ал- Ош шаарынын Жапалак айылынын тургуну, 1964-жылы туулган А.К. болуп чыкты. Ал өзүнүн “ВАЗ-2106” үлгүсүндөгү, мамлекеттик белгиси Z 82 36 В номерлүү автоунаасын “Ноокат-Ош” багытындагы автожолу, тактап айтканда Ош шаарынын Жапалак көчөсү аркылуу батыштан чыгышты көздөй башкарып бара жатып, ошол эле көчөдө жайгашкан №60-турак үйүнүн тушуна келгенде, жолдун карама-каршы багытында чыгыштан батышты көздөй өзүнүн жолунда бара жаткан, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын 1973-жылы туулган тургунунун , башкаруусундагы “ДАФ-XF95430” үлгүсүндөгү, мамлекеттик белгиси D 96 75 C номерлүү оор жүк ташуучу автоунаасынын жолуна чыгып, анын астынкы бөлүгүнө бетме-бет кагылышып, жол унаа кырсыгы болгондугу аныкталган..

Натыйжада “ВАЗ-2106” үлгүсүндөгү, мамлекеттик белгиси Z 82 36 В номерлүү автоунаасынын айдоочусу А.К., ал автоунаанын ичинде болгон жүргүнчү Ош облусунун тургуну, 1981-ж.т. А.Р. (аял) жана азырынча өздүгү аныкталбаган белгисиз жүргүнчү аял окуя болгон жерде каза болгон( 3 жаран). Дагы бир автоунаада отурган жүргүнчү Ош облусунун Ноокат районунун 1981-жылы туулган тургуну, А.Н. денесинен алган жаракатарынан улам Ош шаардык аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Бул окуя Ош ШИИБне катталып, жыйналган материал, Кыргыз Республикасынын ЖКнин 297-бер. менен №03-041-2021-000734 саны менен Ош ШИИБнын КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Бул факты боюнча окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу жана Ош ШИИБнын жетекчилиги чыгып, окуя болгон жерге кароо жүргүзулүп, тийиштүү иш материалдар жыйналды.

Окуя болгон жерди кароо учурунда “ВАЗ-2106” үлгүсүндөгү, мамлекеттик белгиси Z 82 36 В номерлүү автоунаасынын ичинен 1 даана атайын ИИОнун кызматкерлери тарабынан атайын каражат катары колдонулган резинадан жасалган дубинка далил зат катарында алынган.

 

Тергөө учурунда, жол унаа кырсыгына кабылган “ДАФ-XF95430” үлгүсүндөгү, оор жүк ташуучу автоунаасынын айдоочусу окуя суралып, анда ал “ВАЗ-2106” үлгүсүндөгү автоунаасынын айдоочусу анын жолуна чыгып кагылышуу болгонун көрсөткөн.

Сотко чейики өндүрүш иши боюнча, “ВАЗ-2106” үлгүсүндөгү автоунаасынын, Ош шаарынын аймагында 2-кезметте иш жүргүзүп жатышкан, Ош ШИИБы боюнча милициянын кайгул күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери автоунааны токтотуу максатында үн күчөтүүчү жабдыктар аркылуу жана жарыктандыруучу маякты жандырып, токтотууну талап кылган учурда, алардын мыйзамдуу талаптарына баш ийбестен барып, каршы тилкеге чыгып кагылышуу жасагандыгы аныкталды.

Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө, жаӊы жагдайлар аныкталган. Ош ШИИБы боюнча милициянын кайгул күзөт бөлүмүнүн улук инспектору, милициянын лейтенанты Калыбай уулу Орозбек жана кенже тескөөчүсү, милициянын сержанты Калмаматов Байтөрө Калмаматовичтер суралды. Алар өздөрүнүн көрсөтмөлөрүндө, 2021-жылдын 10-апрель күнү, саат 23.40 мүн. чамасында, Ош ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн көрсөтмөсү боюнча, белгисиз атуулдар Ош шаарынын Бекбалаева көчөсүндө жашаган М.Б. аттуу жарандын үйүнө эшигин бузуп киришип, аны дубинка менен ур-токмокко алып, акчаларын карактап кеткендиги тууралуу кабар боюнча ыкчам даректемени кабыл алышкан. Ош шаарынын Бекбалаев көчөсүнө келген учурда, 102 телефонуна кабар берген жабырлануучу М.Б. жана анын кошунасы Д.Ч. менен окуя боюнча сүйлөшүп, ыкчам маалымат алышкан. Алынган маалыматтын негизинде, милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери Ош ШИИБнын ККБнын кызматкерлери, өздөрү менен бирге жабырлануучу М. Б., менен күбө Д.Ч. кызматтык автоунаасына салып кылмыштын изи сууй электе анын бетин ачууга багытталган иш чаралар уюштурулган. Милиция кызматкерлери жана жабырлануучулар бараткан учурда, шектүүлөр жүргөн ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү автомашина өтүп кеткен. Аны жабырлануучу таанып, ушул машинадагылар аны ур-токмокко алгандыгын, эшиктерин бузуп киргендигин айткан. , Натыйжада шектүүлөр бара жаткан автоунааны токтотуу максатында , үн күчөтүүчү жабдыктар аркылуу жана жарыктандыруучу маякты жандырып, токтотууну талап кылган учурда, алардын мыйзамдуу талаптарына баш ийбестен, тескерсинче ылдамдыкты күчөтүп , качууга аракет жасап, каршы тилкеге чыгып кагылышуу жасаган.

Ош ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 102 номерине кылмыш жасалганы тууралуу кайрылган жабырлануучу М.Б.нын арызы , Ош ШИИБнын маалыматтардын электрондук журналына катталып, ошол эле күнү, КРнын ЖКнын 202 ст.2-б.менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Жабырлануучунун денесиндеги жаралардын оордугун аныктоо үчүн жана каза болгон жарандардын өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар, ал эми аталган жол унаа кырсыгына күнөөлүү айдоочуну аныктоо максатында соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалды.

 

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталган жаӊы жагдайлар тууралуу кошумча маалымат беребиз.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Эңсеген аялды таптым, бирок балдарымды кантип кыям?..

Саламатсыздарбы, мен азыр башымдан өтүп жаткан үй-бүлөлүк маселемди айтып психологго кат жазып отурам. Өзүм 30 жаштамын. Жубайым экөөбүздүн ортобузда эки балабыз бар. Борбордо турабыз....

2026-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасы кабыл алынды

Президент Садыр Жапаров «2026-жылга чейин КР өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда...

Асел, көзү ачык: “Текебаев коомдун көңүлүн дагы бир жолу бурдурат”

Асел айым менен мындан эки ай мурун маектешип жатып коомчулукта тынчып калган лидер Текебаев тууралуу да сураган элек. Анда ал Текебаев ушуну менен коомчулукка...

Көп окулгандар

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

16 жаштамын атамдын байкесинин баласы шымымды чечип жамбашыма…

Мен 16 жаштамын атамын бир тууган байкесинин баласы бар.Ал мага башкача карайт.Бир куну уйго келип калды анан уйдо эч ким жок болчу.Мен уктап жаткам...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Мага агайым тийишип кабинетке камап алып…

Саламатсыздарбы аноним кылып чыгарыр беринизчи мектепте окуйм 8 класста практикага келген агайым тийишип дежурство кылып калган элем ошондо тийишип суйлоп баштады бир эки кундон...

Актриса, теле алып баруучу Назира Айтбекова кимден токмок жеди?

Назира Айтбекованын айтканы. “Аябай корком. Үнүңдүн өктөм чыгышы эле жүрөгүмдү оозума тыгат. Лакылдап жаны чыгып бараткан куштай тыбырчылап жиберет. Анткени колуңдун оордугун, ал денеме тийгенден...