-6.9 C
Бишкек
Среда, 12 января, 2022

Буркановдун бул кылыгын Ташиев билсе, эмне болот?

Шиши толгон адам жарылат да… Бир жылдан бери Арзыбек Бурканов кадр саясатынан, бизнес жатынан таасир жаратып, өзүнчө эле көмүскө хан сыяктуу дооран сүрүп келет. Өзгөчө Баткен облусун жеке фирмасындай эле пайдаланып, урук-тууган, дос, жек-жаат, өкүл балдары сыяктуу жакындарына кызмат энчилеп, билген жармасын чалып келатканы жалганбы? “Кой дээр кожосу жок”, кыйла көпкөлөң тартканы жашыруун эмес. Тизгини тартылбаган эргул эми чоң саясатта интригасын баштаптыр…

Баткен облусунан сырткары, мамлекетти менчигиндей басып алууга катуу тоскоолдук жаралып атыптыр. Арзыбек Буркановдун айбыкканы – Камчыбек Ташиевдин УКМКны жетектеп отурганы. Мындай шартта таасир талашууну тымызын күчөтүп, түштүк аймагынан президент Садыр Жапаровдун позициясын бекемдөөнү шылтоо кылып, айрым фигураларды жакындатууга далбас ургандай. Буга чейин Сүйүн Өмүрзаковду, Талант Мамытовду, Марлен Маматалиевди сүрөөнгө алып, ушундай топторду кеңейтүүгө ашыгып, а түпкүрүндө Камчыбек Ташиевге каршы коюу амалы беле? Аз күн мурда Кубатбек Бороновду таптап, бийликке үйүр алдырууга ашыгып, оюн баштаганы кандай? Анысы резиденцияга кирип чыкканын айтып, мактанып жүргөнүчү? Кечээ Сокенин премьер-министри болуп турган Боронов эл көтөрүлгөндө качып кетип, алапайын таппай калды эле го? Төңкөрүшкө түрткөн ушул сыяктуу зыянкеч чиновниктер эле да. Эми эмнени күтөбүз? Мындай эргулдар бийликке жакындаса, рейтинг түшүп, катуу доо кетет.

Арзыбек Буркановдун жең ичинен көздөгөнү – Камчыбек Ташиевдин душмандары көбөйгөнүн, камалгандарды, “кускандарды” айтып, келечеги татаал экенинен божомол кылганы ыраспы? Эртелеп кутулууну эңсеп жүргөнү каңкууланууда. Президенттен алыстатуу, таасирин азайтуу, ортого чок таштоо сыяктуу айла-амалдары ачык айтылбаса да, кагазга оролгон таризде курч маанайда өнүгүп, көшөгө артынан “көркү” чыга баштаганын кантебиз? Бул жагынан ашкерелөө анчалык деле акылды талап кылбайт.

Эске салсак, бир кезде Бакиев-Кулов тандемин Акүйдөгү интригандар иритип отуруп, экөөнү бөлүп тынган. Майда-барат нерселерден учкун тутанып отуруп, саясый тирешүүлөрдү жараткан эле. Аягы душмандашууга барышты. Кулов “Бириккен фронтту” түзүп, Ала-Тоо аянтынан митинг кылып, Бакиевди отставкага кетирүүгө чейин аракет жасаган. Биз эмне үчүн бул окуяны эстеп атабыз? Себеби, бүгүнкү күндө да эки достун ынтымагын ыдыратууга, уруштурууга кызыкдар күчтөр баш көтөрүштү. Алардын көч башында Арзыбек Буркановдун турганы убакыт-сааты келгенде ачыкталабы? Тынч жашабай калдык окшойт…

«Азия Ньюс» гезити

[ajax_load_more container_type=”div” post_type=”post” images_loaded=”true”]

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Жапаров: Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын өлкөдө дин аралык, этностор аралык тынчтыкты сактоодогу ролу өтө чоң

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-сентябрда, Кыргызстандын муфтийи Замир каары Ракиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (КМДБ)...

Балдарымды көргүм келет, күйөөм бизди көрүштүрбөйт

Мындан беш жыл мурун күйөөм кол көтөрө бергенинен улам ажырашып кеткенбиз. Сотто менде эч кандай мүлк болбогондуктан улам балдарымды атасына чечип берип койгон эле....

Жаман кыз болгон ыңгайлуу экен! Көргөзгөндөн уялба…

Жаман кыз болуп жашаган, ача туяктуу болгон , жез кемпир , стерва ж.б. анча деле эмес атка конгон мага эмнеге жагат? Эмнеге мен өзүмдү...

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...