10.1 C
Бишкек
Пятница, 3 декабря, 2021

Депутат Алиярбек Абжалиев камалабы же кайып учтубу?

Кудасы Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда Алиярбев Абжалиев Кудайын тааныбай кеткен эмеспи. Акчанын күчү менен 23 жаштагы баласы Токтобеков Темирлан Алиярбековичти Бишкек шаардык кеңешке депутат кылып (шаардык кеңешке депутат болуунун ставкасы 100 миң доллар деп айтышууда), эне сүтү оозунан кете элек жаш бала достору менен жайында 2019-жылы Ысык-Көлдө сайрандап жүрүп, “БМВ х7” маркасындагы 100 миң долларлык жеңил машине менен катуу келатышып, “Leksus E330” маркасындагы машинени тебелеп кетишет. “Лексустун” ичиндеги чырактай төрт баланын үчөө ошол жерден мүрт кетип, бир бала ооруканадан үзүлөт. Президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы жанында отурган айдоочу Э.Халмурзаевге “кызмат ордумдан айрылып калбайын” деп Ысык-Көлдүн МАИлери чара көрүп, жазалаганга даай албайт. Сот болсо төрт киши өлгөнүн көрүп туруп, эч нерсе болбогондой айып пул салып, айдоочуну коё берип жиберет. Президенттин кудасы Абжалиевдин баласы катышкан бул окуя ошол бойдон чара көрүлбөй калган. Төрт баланын кырчындай өмүрүн алган, алардын ата-энелеринин зар какшаган үнүн угуп, президент Садыр Жапаров башында турган жаңы бийлик бул кылмыш иши боюнча адилеттүү чечим кабыл алабы? “Башы жок бака, көзү жок көгөндөй” болуп баардыгына көз жумуп отурган Сооронбай Жээнбековдун учурундагы ушундай адилетсиз соттордун иши кайра каралып, коррупционер соттор жазаланышы күн тартибинде турган маселе.

Алиярбек Абжалиевдин иши “мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча каралабы?  

Азыр “Мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча УКМК катуу текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат. 12 жыл бажыда иштеген Алиярбек Абжалиевдин аялына, баласына катталган 32 фирма, компанияларындагы миллиарддаган байлыгынын булактары изилденип, чара көрүлөбү, же ал “экс-президенттин кудасымын” деп эле колун Коконго, бутун Букарга сунуп жата береби? Алиярбек Абжалиев өзү мамлекеттик кызматта иштесе, анын аялы менен баласы баштапкы капиталды кайдан алган? Бажыны майкандаганы жалганбы? Кубанычбек Жумалиевдин туугандарына катталган байлыктарынын сыры ачыкка чыгып, териштирилүүдө. “Мыйзамсыз баюу” беренеси айрым жарандар үчүн эле иштейби? Эгер баардык атуулдарга талап бирдей коюлса, бажычы Алиярбек Абжалиевдин миллиарддаган байлыгынын чыккан булактары, туугандарына катталган компаниялар, фирмалар тыкыр текшерилиши зарыл.

Шорлогон элдин муң-зары жетти окшойт, УКМК Абжалиевге кылмыш ишин козгоп, бирок камакка алууга негедир даабай тургандай…

Мухтар Шатманов 

“Азия Ньюс” гезити

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

15-20 сом. Ошто жол акы көтөрүлдү

Ош шаарында кичи автобустарга болгон тариф көтөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-ноябрда Ош шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы...

Аксыдагы сибирь оорусу: Малды союп, этин бөлүшүп алышкан

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Жүзүм-Жан айылында жети киши күйдүргү (сибирь) оорусу менен шектелип ооруканага түштү. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти. Маалыматка караганда,...

Мелис Арып-Бек: Арабаптарды туурайбыз деп кыргыздын үрп-адатын жоготобузбу?

Төрт жыл мурун жазылыптыр. Анда динкулдардын анабашы ажо Сооронбай Жээнбеков эле. Бүгүн болсо, Садыр Жапаров ажо. А бир ак, азыркы динкулдар Шаримандын учурунан дагы...

Көп окулгандар

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

16 жаштамын атамдын байкесинин баласы шымымды чечип жамбашыма…

Мен 16 жаштамын атамын бир тууган байкесинин баласы бар.Ал мага башкача карайт.Бир куну уйго келип калды анан уйдо эч ким жок болчу.Мен уктап жаткам...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Мага агайым тийишип кабинетке камап алып…

Саламатсыздарбы аноним кылып чыгарыр беринизчи мектепте окуйм 8 класста практикага келген агайым тийишип дежурство кылып калган элем ошондо тийишип суйлоп баштады бир эки кундон...

Актриса, теле алып баруучу Назира Айтбекова кимден токмок жеди?

Назира Айтбекованын айтканы. “Аябай корком. Үнүңдүн өктөм чыгышы эле жүрөгүмдү оозума тыгат. Лакылдап жаны чыгып бараткан куштай тыбырчылап жиберет. Анткени колуңдун оордугун, ал денеме тийгенден...