10.1 C
Бишкек
Пятница, 3 декабря, 2021

Депутаттын кызы 2

– Башкалар али көрө элек, көрүшсө, барбы, эчак талап кетишмек, – деген Сабыр макул болбоду. Мухтар жээкте карап отурду, Сабыр таштарга тайгаланып кетпеш үчүн ар кадамын абайлап таштап, шашпай баратты. Анын карааны суунун ортосуна жетип, жээктен алыстаган сайын Мухтардын жүрөгүнө дүрбөлөң орноп, эки көзүн албай нестейди. Бирок, Сабыр аркы жээкке аман-эсен жетти. Ал жээкке бутун койгондо берки жээктеги Мухтар так секирип жиберди. Сабыр да “мына, көрдүңбү? ”-дегенсип мактанычтуу карап, баш бармагын көрсөтүп койду. Жарым сааттай отун терип, дагы он мүнөттөй отунунун байлады. Аны жонуна артып алып, сууга кирди. Жакшы эле келаткан, орто ченине жеткенде буту тайгаланып кеттиби, жыгылды. Мухтар кыйкырып ордунан тура калды. Анын көз алдында агасы отуну менен кошо сууга агып баратты. Жээкте аркы-терки чуркап, жардам сурап кыйкырып, бышактап ыйлаганы менен агасына эч кандай жардам көрсөтө албады. Мунун кыйкырыгынан айылдаштары чуркап келишкенде, Сабыр агым менен кошо агып бараткан. Суудан сөөгүн чыгарышты…
Сабырдын өлүмү апасын дагы бир ирет мертинтти. Мурдагыдан да муун-жүүнү бошоп, отурган жеринде бир чекитти тиктеп мелтейип калмай адат тапты. Үч карындашынын түйшүгү Мухтардын моюнуна түштү.
Убакыт карап турмак беле, канат тагып алгансып колго урунбай учту. Он жылдык мектепти аяктоого да мезгил келди. Акыркы коңгуроо болгон күнү кечинде апасы менен сүйлөштү.
– Мухтар, мектепти аяктадың, эми эмне кыласың? Шаршен агаңа айтайын, устага жардам керек болсо ишке орношуп албайсыңбы? Колуң да эптүү, бир көрсөтүп койсо эле андан ары өздөштүрүп кетесиң. Анан эки-үч жылдан кийин айылдын устасы болуп чыга келесиң? – деди апасы.
– Апа, мени эптеп эле акча тапса деп жатасызбы? Билим алсын, билимдүү адам болсун деген оюңузда жокпу? – деп ызалана түштү.
– Билим алганда кантип? Ким окутат сени? Азыр шаарда тааныш болмойунча, окууга өтүш кыйын деп айтып жатышат. Өткөн учурда да шаарда кантип жалгыз жүрөсүң? Же тууган-уругубуз болбосо ал жакта. Кантесиң? – деп апасынын үнү кардыкты. Мухтар апасын аяп кетти. Кантсин анан, бул деле колунан келгенин кылып жатат, айтканы бир эсептен туура. Фрунзенин атын укканы менен өмүрү көрө элек. Чынын айтканда, райондун борборунан алыс үйүнөн чыгып көрбөдү. Болбосо булар жашаган айыл борбордон анчалык деле алыс эмес. Бир ооз орусчаны билбесе, орустар кылкылдаган шаарда кантип окуп, кантип нан таап жейт? Апасынын кебетеси бул, буга шаарга акча жибергенди коюп, алдагы үч кызын тыңыраак бага алаар бекен.
Башын ылдый салып отурду да, бир кезде чечкиндүү апасына тигилди:
– Сиз тирилигиңизди тыңыраак эле кыла бериңиз, менден кабатыр болбоңуз. Мен өз киндигимди өзүм кесем. Сөзсүз билим алышым керек!
Мухтарга айылдын ары жагына чыкса эле, бактылуу, бакыбат жашоону таап алчудай сезилди. А чынында, аны туюуму алдаган жок.
Жолго жалгыз чыкты. Апасы ыйлап-сыктап узатып кала берди. Дандырга бышкан эки нанды гана баштыгына салып берди. Колунан келгени ошол болду. Атасынын уялаш агасы бар эле, Мухтардын окууга кетип жатканын угуп, бир урушуп, бир акылын айтып жатып, жол киресине жетерлик акча карматты. Ал да бир тарапка көздөй гана жол киресине жетет. Ичинен Мухтар муну жакшы жөрөлгөлөдү. “Демек, айылга кайтып келбейт экенмин”, -деп төлгөлөп койду ичинен. Ал замандын жаштарына шаарга окууга тапшырганы барып, өтө албай калып кайра айылына кайткандан өткөн кордук жок болчу. Азыркыдай өтпөй калса да, шаарга калып иштөө деген кайдан. Ар бир адам өзүнүн туулган жеринде жашаш керек деген саясат өтпөй калгандарды дыргаяктата колхозуна кубалачу. Жумуш күчү жетишпегендиктенби, же шаарга ашыкча адамды толтурбоо максаты беле, ким билсин. Ал турмак жогорку, орто окуу жайын аяктагандар да шаарда көпкө кармала алышчу эмес. Кокустук менен гана иш таап калып, же мыкты окуп окуу жайда калтырылгандар, же шаардык кызга үйлөнүп, шаардык жигитке турмушка чыккандар гана көп кабаттуу үйлөрү бар, айылда өчүп-торолгон жаштарга жомок сыяктуу сезилген жайда калуугу мүмкүнчүлүк берилбесе, калгандарында бир гана жол бар – айыл.
Автовкзалга түшүп, моюну талыгыча эки жакты оозун ача карап, ар кимден сураштырып жатып окуу жайды таап келди. Дене тарбия институтуна келгенде күн кечтеп калган эле. Эми кайда барам деген ойдо, окуу жайдын алдындагы гүлбактагы орундукта отуруп эле таңды атырууну чечти. Баштыгын башына жөлөп, караңгыда жүрөгү алкымына кептеле, анан кайра өзүнө өзү кубат берип жатып, көзү илинип кетиптир. Шаарда алкымы бузук шылуундар, уурулап көп деп угуп, документин коюнуна катып алган эле. Ошону жакшы кылыптыр, эртең менен көзүн ачса башындагы баштыгы жок. Кайсы жанынан кечкен неме башымдын алдынан сууруп кетти экен деп ойлой, ызасы күчөп, өңгүрөп ыйлагысы келип, шалдайып отуруп калды. Мухтардын бир жакшы сапаты бар эле, ал ар дайым жаман нерсенин да пайдалуу жагын таап чыгууга аракет жасачу. Ушул сапаты аны алдыдагы жашоосунда көп ийгиликтерге жетишине өбөлгө болуп берди. “Мейли, кайра жакшы, баштыгымды көтөрүп, институтка кантип барат элем. Эми колу-жолум бош”, – деп ойлоду да, кыңылдап ырдаган бойдон окуу жайдын имаратына жөнөдү.
Документин тапшырып, жатакана сурады. Кудай жалгап, анын алыстан келгенин угушаары менен бөлмө беришти. Эки бала менен бир бөлмөдө жашап, сынактарга катуу даярдана баштады. Мээсинде бир гана ой: “Өтпөй калсам эмне кылам? ”-деген. Айылга баруудан башка айла жок, бирок айылдаштарынын бетин кантип карайт? Булар менен чогуу мектепти аяктагандардын арасынан беш-алтоо эле борборго келишти. Болгондо да Мухтардан башкаларынын баары бири колхоздун башкармасынын уулу, бири парторгдун кызы, дагы бири мектептин баласы дегендей, арасынан каратаман Мухтар гана бар. Анан ушундай чоңдордун балдары келген борборго мунун келиши кандай шылдың жаратканын элестетип кое бергиле. “Сен кайда баратасың? Эмне, эл-жер көрүп келейин деп жатасыңбы? А, мейли, аның туура, мектепти аяктаганда бир барып Фрунзени көрүп ал, ошону менен пенсияга чыкканыңда барасың”, – деп башкарманын баласы катуу шылдыңга алды. Классташтары жабыла каткырышып, чоңдун көпкөн баласынын ар кебин колдоп турушту. Ошону эстеген сайын башынан көк түтүн бурала, тиштери эрксизден кычырап кетет. Кокус, окууга өтпөй барып калса, “Убара болбой эле отура бербейт белең? ” – деген кептерди толтура угаары анык.
Бирок, тагдыр Мухтарга жылмайды, окуу жайына өттү. Эки сынактан үч, бир сынактан төрт алды. Башка учур болгондо бул баасы менен өтпөй калышы деле мүмкүн эле, ошол жылы Мухтардын бактысына Дене тарбия институтуна тапшырган абитуриенттердин саны нормага жетпей калыптыр. Ошондуктан, конкурс болбоду, шагыратып үч алгандарды кабыл алышты. Шапкесин көккө ыргыта турган да учур келди. Эми баары жакшы болот деп ойлоду да, кудуңдаган бойдон телеграфка барып, үйүнө заказ берип, апасына окууга өткөнүн сүйүнчүлөдү. Баласы кеткенден бери күн сайын жүрөгү дүкүлдөп, кандай кабар угаар экем деп телефондон алыс кете албай, айланчыктаган эне жашып кетти. Телефонду коеру менен кепичинин апкытын баса чуркап, кубанычын коңшулары менен бөлүшүүгө чуркады.
Ххх
Студенттик жашоого акырындык менен көнө баштады. Ачка калган күндөр оголе көп өттү, майышып койбой алдына койгон максатына умтулду. Максатына жетмейинче жаны жай албаган адамдардын катарына кирет. Балачагынан бери спортчу болууну көксөгөн эле, эми минтип максатына жетүүгө аз калганда кол куушурмак беле.
3-курста окуп жаткан маалында мыкты окуган студенттерге астыртадан “аңчылык” жүрө баштаганын байкаган жок. Атайын бир топ так ушул дене тарбия жаатында билим алган, күрөшсө күрөшкө тойбогон көкжал жигиттерди өздөрүнө тартууга камылга урушту. Бул топ СССРдин аймагында тыюу салынган кызыл кулактык менен алектенчү. Чет өлкөлөрдөн кийим, бут кийим алдырышып, бул жактан алтын-күмүш жасалгаларды болбогон акчага сатып алышып, чет өлкөдөгү өздөрү сыяктуу шыпааналардын тобуна жөнөүшчү. Кызыл кулактык иш анда оор эле, билегинде күчү, өткүрлүгү, шамдагайлыгы жок жигиттер ага жарашчу да эмес. Шаарда мындай топтон төрт – бешөө бар, ар биринин өз аймагы бөлүнгөн. Алып келген товарларын өз аймагында гана сатышат. Булардын ички мыйзамы ошол кездеги мамлекеттин мыйзамынан да катуу сакталчу. Мына ошол топтор мыкты, күчтүү жигиттерди катарларына кошууга ниеттенип башташты. Алар жигиттердин күрөштөгү чеберчилигине, күчүнө гана эмес, үй-бүлөлүк абалына да карашчу. Мухтардай болуп өз күчүнө гана таянып окуган, жарды үй-бүлөдөн чыккандар асмандан издегенин жерден табышкандай эле кубантчу. Анткени, каражаттан кыйналып турган адам кандай иш болбосун макул болушаарын билишет да.
Ал күнү Мухтар окуусунан келсе, бөлмөсүндө эч ким жок экен. Чогуу жашаган эки жигит сабактарынан келише элек. Шкафты ачты, жегенге эч нерсе жок. Нан салынчу табактын капкагын көтөрдү эле, ал жак да бош. А курсагы курулдап, ашказаны тим эле аңтарылып калды. Табактын түбүндөгү майда күкүмдөрдү чогултуп оозуна салып, артынан кайнак суу ичип, бир аз болсо да ашказанын алдагансыды. Ошону менен керебетке күп кулады. Шыпты тиктеп жатып кантип ашказаны аңтарылып, оозунан кара суу келе баштаганын туюп жатты. “Минтип жата берсем, өлүп калчудаймын, кандай кылсам экен? Кайдан акча тапсам болот? ”-деп ойлонду. Студентке эмес колунда диплому бар кесипкөй адиске да иш табуу оор болгон учурда буга кайдагы иш. Жыргап жатабыз деп кыйкырганы менен союз учурунда нан менен чайга жетишкенине шүгүр кылган үй-бүлөлөр толтура эле. “Атасы өлгөн уктаптыр, курсагы ач уктабаптыр” деген чын, канчалык чарчап, кирпиги жабышып турса да курсагынын ачтыгы көз ирметпеди. Ары оодарылып, бери оодалырып жатканда жанында чогуу жашаган Тынчтык келип калды.
– Ай, баатыр уктаганга кам урдуңбу? -деп күлдү ал Мухтардын кебетесин көрүп, – Ачкалыктан шайманың ооп калганы билинип калыптыр. Эрдиң кеберсип, өңүң бозоруп. Азыр мен сенин курсагыңды тойгузам, – деп көтөрө келген пакетинен бирдемелерди алып чыкты. Мухтар шак башын көтөрдү. Беш –алты жумуртка, анан өйдө көтөрсө күн көрүнө турган жука бир нан. Ушул болсо да канча каниет. Кубанганынан кантип керебеттен атып турганын байкабай калды.
– Азыр, мен заматта жумуртка куура коем, сен чайнекке барып суу алып кел, -деп жумшады Тынчтык. Лам дебей чайнекти көтөрө чуркады. Экөө тамактанып, бир аз өзүнө келгенден кийин бөлмөлөшү кеп баштады:
– Мухтар, бир иш чыгып жатат, иштейсиңби?
– Ооба! – деп кандай иш экенин да сурабай, дароо макул боло калды.
– Андай болсо, кийин. Азыр мен сени бирөөлөр менен тааныштырам.
Тынчтык кызыл кулактык кылган шыпаналардын тобуна өзү деле кечээ кошулган. Дагы жигиттерди алып жатышканын билип, Мухтарды сунуштаган болчу. Бир сөзүнө турган, эзели эч кимди сатып кетпеген, достукка бекем мүнөзү барын билгенден кийин бул жигитке ишеним артса болоорун аңдап калган. Анын үстүнө факультеттеги эң мыкты студенттердин бири. Анын муштумунан жазгырып кеткен бирөө да боло элек. Мугалимдер мындан келечекте мыкты мушкер чыгаарын айтып жүрүшөт.
Мухтар заматта кийинип даяр боло калды.
– Жүрү, эми, тезирээк кыймылда, алар күткөндү жакшы көрүшпөйт. Саат үчтө ошол жерде болуп калышыбыз керек, – деп Тынчтык да ансайын шаштырып койду.
Экөө ээрчишип алып, шаардын бир четине келишти. Жаңы эле бойдон, бирок кароосуз калган ээн имарат экен. Азыр мындай кароосуз калган имараттар ондоп саналат.
– Кир, кире бер, -деп Тынчтык эшик ачып ичкери баштады. Кыш мезгили болчу, аңгыраган имараттын ичи абдан эле суук экен. Жакасын көтөрүп, ичиркенип алды Мухтар. Экинчи кабатка чыгышып, бир бөлмөгө киришти эле он чакты эңгерездей эркектер отурушуптур. Бөлмөнүн ичи тамекинин түтүнүнөн көрүнбөйт. Алдыдагы столдо дүр-дүйүм тамак, ичимдиктердин түрү. Мындай столду көрбөгөн жаны оозу ачылып, шилекейин кылк жутту.
– А, келгиле, студенттер. Студенттердин алгач курсагын тойгузалы. Кана, жакыныраак отургула, – деди төрдө отурган чачы жалтырата кырылган, көзү тешип жиберчүдөй муздак тиктеген киши. Кыязы, булардын башчысы ушул окшойт. Мухтар үн-сөзү жок берки кишилер көрсөткөн орундукка отурду. Астыртан Тынчтыкты карады эле, анын муну караганга да дарманы жок, алдына койгон тамактан урдура баштаптыр. “Урушта туруш жок” деди да, Мухтар да ак нандын үстүнө жоон кесилген колбасадан коюп, оозуна тыкты. Булардын жанталашып тамак жегенин беркилер карап, мыйыгынан күлүп отурушту. Тамак жемей он беш мүнөттөй созулду.
– Тамагыңа тыгылып калбасын, кана эми, мына мобуну ичип жибер, – деп төрдө отурган баягы киши стаканды колуна карматты. Мухтар чоочуй түштү. Ал ичимдик деп ойлоду, өмүрү ичимдикти оозуна алып көргөн эмес. Келечекте да такыр жакындабайм деген өзүнө берген убадасы да бар эле. Анын кебетесинен эле киши эмнени ойлоп турганын байкады.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Италияда Кыргызстандын өкүлчүлүгү ачылды

Кечээ, 9-ноябрда Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Италияга болгон расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Италиядагы элчилигинин расмий ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы...

Эшектин этин сатып жүргөн жаран кармалды

Өзбекстанда Карши шаардык соту эшектин этин сатып жүргөн жаранды эки жыл коомдук жумуштарды аткарууга милдеттендирди. Кашкадарыя облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, укук коргоо...

Камчы Көлбаевдин туугандары 49,6 миллион сом которду

Кечээ абактан чыгарылган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жакындары депозиттик атайын эсепке 49,6 миллион сом которду. Бул УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Көлбаевге карата кылмыштуу каражатты...

Көп окулгандар

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

16 жаштамын атамдын байкесинин баласы шымымды чечип жамбашыма…

Мен 16 жаштамын атамын бир тууган байкесинин баласы бар.Ал мага башкача карайт.Бир куну уйго келип калды анан уйдо эч ким жок болчу.Мен уктап жаткам...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Мага агайым тийишип кабинетке камап алып…

Саламатсыздарбы аноним кылып чыгарыр беринизчи мектепте окуйм 8 класста практикага келген агайым тийишип дежурство кылып калган элем ошондо тийишип суйлоп баштады бир эки кундон...

Актриса, теле алып баруучу Назира Айтбекова кимден токмок жеди?

Назира Айтбекованын айтканы. “Аябай корком. Үнүңдүн өктөм чыгышы эле жүрөгүмдү оозума тыгат. Лакылдап жаны чыгып бараткан куштай тыбырчылап жиберет. Анткени колуңдун оордугун, ал денеме тийгенден...