1.1 C
Бишкек
Вторник, 7 декабря, 2021

Депутаттын кызы

Чак түштө телефонуна билдирүү келди. “Тез арада болжошкон жерге кел, маселе жаралды” деп жазылыптыр ачып окуса. Мухтар дароо эле сыртка бет алды, анын келатканын көргөн айдоочусу айттырбай түшүнүп, машинесин от алдырды. Бир маанилүү ишти чечүү менен качантан бери алектенип жүрөт, дагы минтип маселе жаралган турбайбы. Ичинен сөгүнүп алды. Курсагы салаңдап, отурганда ыңгайсыздык жарата баштаптыр. “Ишкерчиликти жаңы баштаганымда, түйшүгүм көбүрөөк беле, мынчалык семиз эмес болчумун. Ишим жүрүшүп, итим чөп жей баштагандан тартып, туурамдан кете баштадым да. Кой, спорт менен машыгып, ашыкча салмактан арылайын”, – деп ойлоп, өзүн өзү шылдыңдап күлүп да алды. Азыраак жүргөндөн кийин телефонуна дагы билдирүү келди. “Сенин машинеңдин кетип баратканын көрүп турам, ушул жерден токто да бери, эстеликти көздөй бас” дептир бул жолу. “Бул эмнеге эле жолугушчу жерди алмаштырып жатат”, – деп ойлой, адатынча дагы сөгүнүп алып, машинесин жол жээгине токтотуп, сыртка чыкты. Жолдун аркы бетине өтүүгө машинелердин агымынын сээлдешип күтүп, өзү турган тарапта машиненин карааны көрүнбөй калганда, кадам таштады. Каршылаш тараптан учуп-күйүп Жип келаткан. Ага көңүл бурбады, ортоңку сызыкка жетип алса, Жипти өткөрүп жиберип анан, жолун уламак. Бирок, кадамы болгону он чактыга гана жетти. Анан эле жагымсыз тырс эткен добуш кулагына угулуп, көкүрөк тушу ысый түштү да, көзү тунарып барып жерге кулады…
Жол жээгинде бараткан бир киши кулаган адамды делдейе карап, бир саамга турду да, анан:
– Атып кетишти! Атып кетишти! – деп кыйкырып, чуркады. Айдоочу шефине кадалган тапанчаны, тапанча кадаган машине ичиндеги адамды да даана көргөн. Ошондон уламбы, өзүн жоготуп, асфальтка чалкасынан кулаган шефин дендароо болуп тиктеген тейде катып калды.
Ххх
Бул чак түштөгү чак түштөгү өлүмдүн сыры терең эле. Байлык-мансап талашмай, бир адамды өмүр менен коштоштурду. Бир гана эмес…
Мухтар атадан эрте калды. Бир жаш улуу агасы бар, анан карындаштары. Энесинин бели бошураак экен, атасы каза тапкандан кийин үйдүн берекеси качты. Же, айтып коет эмеспи, үйдүн куту бирөөсүндө гана – же аялда, же эркекте болот деп. Булардын үйүнүн куту атасында болгон окшойт. Алма-бактар атасы каза болоору менен куурап, куурагандан калганынын түшүмү азайып, мөмөлөрү майда болуп калды. Сарайдагы мал-жандыктар негедир тумоого илешип, биринин артынан бири өлдү. Ошентип, бир жылга жетпеген убакытта бул үй-бүлөнүн карманаар оокаты жок калды. Кырсык бир тооруса тооруй берет окшойт, ошол жылдын жай айында апасы агасы экөөн күн сайын отунга жөнөтчү.
– Кышында көмүр сатып алганга чамабыз жок. Азыртадан күн сайын бир боо отун ташый бергиле, кышкыга даярдык болсун, – деди.
Мухтар менен Сабыр токойдогу как отундарды ташып бүтүп коюшту. Бир күнү Сабыр:
– Мухтар, суунун аркы өйөзүндөгү токойду карасаң, как отундар жайнап жатат. Ошол жактан алып келбейлиби, карачы, карасаң, жада калса бул жактан эле көрүнүп турат, – деди. Суу өтө терең эмес болчу, бирок жайык. Мухтар бир аз суу жүрөк эле, коркту.
– Бул жактан эле алалычы, суудан кантип өтөбүз?
Сабыр аны шылдыңдады.
– Суу жүрөк десе! Он төрт жашка чыгып калдың, дагы деле эркиң жок. Жетелешип эле өтүп кетебиз, эки жигитти да ушул жай аккан суу агызмак беле. Мейли, сен корксоң ушул жерде карап тур, мен өтүп алып келем.
Мухтар мен да барам деп айткысы келди, бирок суунун сүрүнөн коркуп, агасынын айтканын аткарууну туура деп тапты. Сабыр шымын багалегине чейин түрүп, даярданып жатканда жүрөгү алда-нени сезгенсип, дагы бир жолу көндүрүүгө аракеттенди.
– Сабыр, ал жактагы отундарды жөн эле койчу. Эч ким бул суудан өтө албагы үчүн отундар жайнап жатат да. Өтүүгө боло турган суу болсо, бизге калтырбай, эчак эле башкалар алып кетишмек.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Коррупцияга шектелген чиновник ээлеген кызматынан бошотулду

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Нуралиев Таалайбек Молдалиевич ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка 16-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон....

“Ала Тоо” аянтында 7 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды

Ала-Тоо аянтында Киев көчөсүндө 7 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдирди. Маалыматка таянсак, окуя болгон жерде милиция жана тез жардам кызматкерлери...

ЖАКнын төрагасы иш сапары менен Россияга барды

Кыргызстандын Жазаларады аткаруу кызматына болгон иш сапарында ЖАКнын төрагасы Аскат Эгембердиев Юстиция Министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын делегациясы Россиянын Жазаларды аткаруу федералдык кызматынын Волгоград...

Көп окулгандар

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

16 жаштамын атамдын байкесинин баласы шымымды чечип жамбашыма…

Мен 16 жаштамын атамын бир тууган байкесинин баласы бар.Ал мага башкача карайт.Бир куну уйго келип калды анан уйдо эч ким жок болчу.Мен уктап жаткам...

Мага агайым тийишип кабинетке камап алып…

Саламатсыздарбы аноним кылып чыгарыр беринизчи мектепте окуйм 8 класста практикага келген агайым тийишип дежурство кылып калган элем ошондо тийишип суйлоп баштады бир эки кундон...