-2.9 C
Бишкек
Понедельник, 24 января, 2022

Экономика: Кредит алган 390 миң жаранга 1 жылда 734 млн жардам көрсөтүлдү

Садыр Жапаровдун экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү боюнча маалыматы.

Анын айтымында, 2020-жылы COVID-19 пандемиясынын кесепетинен Кыргызстандын экономикалык өсүү темпи 8,6 пайызга кескин түрдө түшүп кеткен. Бул соңку жыйырма жылдагы эң начар көрсөткүч болуп саналат.

«Көптөгөн ишканалардын иши токтоп, инвестициялар кескин төмөндөп, элдин кирешесине жана мамлекеттик бюджетке түздөн-түз  терс таасирин тийгизди. 2020-жылы бюджеттин тартыштыгы 20 млрд сомду түзгөн. Мына ушундай абдан татаал, оор кырдаалда Президент катары ишимди баштадым. Эң алгач тез арада коомдук саясий абалды жана экономиканы калыбына келтирүү, COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү боюнча чукул чаралар көрүлдү. Бул багыттагы иштер кырдаалга жараша бүгүнкү күндө да уланып жатат», — дейт ал маалымат жыйында.

Ал белгилегендей, азыркы учурда экономиканы өнүктүрүү чаралары күчөтүлгөн. Ишкерлерди колдоо максатында Кепилдик фонду 2 млрд сомго кошумча капиталдаштырылып, 2020-жылдын октябрынан тартып 1,1 млрд сомго кепилдиктер берилип, алардын жардамы менен ишкерлер коммерциялык банктардан жалпысынан 3,6 млрд сомго кредит алышкан.

Мындан сырткары, Кепилдик фондунун атайын программасы аркылуу 680 ишкерге 1 млрд сомго жакын суммадагы жеңилдетилген кредиттер берилди.

2021-жылдын тогуз айында РСК жана “Айыл Банкы” тарабынан 16,7 млрд сомго кредит берилген, алардын 72 пайызы региондордогу долбоорлорду каржылоого багытталган. Ушул жылдын августунда эл аралык финансылык институттардын колдоосу менен чакан жана орто ишканаларга 72 млн АКШ доллары суммасындагы пайызы жок насыяларды берүү чечими кабыл алынды.

“Айыл чарбасын каржылоо” программасынын алкагында 5,8 млрд сомдон ашык суммага 10 миңден ашык жеңилдетилген кредиттер берилди. Ошондой эле COVID-19 пандемиясы күтүлбөгөн кырдаалдарга даяр болууну шарттады. Ошондуктан экономикалык кризиске каршы туруштук берүү жана экономиканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу долбоорлорун каржылоо максатында Турукташтыруу фондун түзүү чечими кабыл алынды.

Ишкерлерге социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөндөйт.Чакан жана орто бизнести мындан ары колдоо максатында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери 2022-2024-жылга чейин үч жылдык мөөнөткө жумуш берүүчүгө 17,5 пайыздан жумушчунун санына жараша 12 жана 4 пайызга азаят.

  1. Жеткиликтүү турак жай менен камсыз болууга шарттар түзүлдү.
  2. Өлкө жарандарын турак-жай менен камсыз кылуу максатында 2026-жылга чейин Мамлекеттик турак-жай программасы бекитилип, ушул жылдын сентябрында ишке кирди.
  3. Пайыздык ставканы азайтуу жана Программаны ишке ашырууну каржылоо максатында 2021-жылдын августунда Мамлекеттик ипотекалык компаниясын 5,2 млрд сомго капиталдаштыруу боюнча чечим кабыл алынды.
  4. Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, ипотекалык кредит берүү боюнча пайыздык ставка бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери үчүн 4 пайызга чейин төмөндөтүлдү.

Мындан тышкары белгилеп кетчү нерсе, 2021-жылдын октябрынан тартып мурда берилген ипотекалык кредиттер боюнча пайыздык ставкалар жылдык 6-8 пайыздан 4-6 пайызга чейин этап-этабы менен азайтылат. Ошондой эле жеңилдетилген ипотекалык, чакан жана орто бизнеске кредит берүүнү кеңейтүү максатында “Керемет Банкы” 2,7 млрд сомго кошумча капиталдаштырылды. Кыйын экономикалык абалда калган кредит алган жарандарыбызды колдоо максатында кредиттер боюнча пайыздарды төлөө үчүн бюджеттен 734 млн сом бөлүндү. Натыйжада 390 миңден ашык кредит алган жарандарга жардам көрсөтүлдү.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Жапаров: «Пандемия учурунда медициналык буюмдар аба аркылуу ташылды»

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, өлкөнүн жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билирди. «Жарандык авиациянын урматтуу кызматкерлери, тармактын...

Өспүрүм кызга асылган мугалим 4 жылга эркинен ажыратылды

Ташкентте 14 жаштагы кызга сексуалдык жактан асылган мугалим жана анын досторуна сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу Nemolchi.uz долбоорунун жетекчиси Ирина Матвиенко билдирди. Окуя быйыл жазында...

што жаш келин уктап тургандан кийин ымыркайын таппай калып, жигити торго түштү

Жогорку сот жаңы төрөлгөн баласын сатуу боюнча келинди актоо өкүмүн күчүндө калтырды. Чечим 2021-жылдын 14-сентябрында кабыл алынган.Бул тууралуу Турмуш басылмасы билдирди. Калима (аты өзгөртүлдү, К.Ш.)...

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...