10.1 C
Бишкек
Пятница, 3 декабря, 2021

Үйлөнгөнүмө 15 жыл болсо дагы, аялымды көргөн сайын калчылдап турам

Достор менен балык уулганы чыккам. Кайырмакты салып отурганым менен оюм башка жакта. “Кооз жер экен. Эх, Жаку (келинчегим) жанымда болсо сонун болмок экен.” Ичимден ушинтип сүйлөнүп жаттым.

Биринчи жолу көргөндө эле сүйүп калгам. Ээ, достор, артынан канча чуркадым дейсиңер. “Экөөбүз баш кошобуз. Сага окшош сулуу кыздуу болобуз” десем, каткырып күлчү. Анда экөөбүз тең кичинекей балабыз. Албетте, чоң кишидей сүйлөп жатсам күлөт да.

Бир жолу кайын энеме айтып коюптур. “Кызыма тийишпе, болбосо көчүп кетебиз” деди. Жаку кетип калат экен деп сабакка барбай канча ыйладым. Акыры апам барып сурап келди. Жакунун апасы келип, “кетпейбиз” дегенде оордуман туруп тамак ичтим. Ал күндөрдү азыр эстеп күлөбүз.

Ал жакшы окуйт. Мен тентек. Линейкадан сыйлык алганы чыгып жатканда мен гана ышкырып, бакырып, катуу кол чабам. Мектептин директорлору баш болуп, Жакуга болгон сүйүүмөн кабарлары бар. Алар күлүшөт. Жаку урушат. 8-март күнү классташ кыздарыма белек бербейм. Бөтөлкө тапшырып тапкан тыйындарыма Жакуга бир нерсе сатып алам. Мен берген бантикти же шууруну тагынып алса ушундай сүйүнөм. Конкурстарда бийлесе аны гана карап турам.

Бир жылдары классыбызга шаардан бир жигит келди. Эми келишимдүү, ак жумал экен. Мектептеги кыздардын баары аны сүйлөшөт. Апам үйдө жокто сандыгына кол салып, Жакуга деп конфет алдым. Мектептин түбүндө күтүп турсам Жаку жанагы шаардык бала менен келе жатат. Ыйлагым келип, конфетти ыргытып класска чуркап кеттим. Математика сабагы болчу. Эшик тыкылдап мени бирөө сурады. Чыксам Жаку экен. Колунда менин конфеттерим. “Конфеттерге рахмат” деп кайра кетип калды. Кайра класска маанайым көтөрүлүп учуп кирдим.

Үйлөнгөндөн же балалуу болгондон кийин сүйүү кетип калат дешет го. Ошол калп экен. Азыр дагы аялымды сүйөм. Аны бир аз көрбөсөм сагынам. Көргөн сайын биринчи жолкудай болуп, толкунданганымдан калчылдап турам. Колумду кармаса жүрөгүм титирейт. Сүйөм. Мен бактылуумун. Анткени чыныгы сүйүүгө кабылдым.

Кызыбыз апасынын көчүрмөсү. Бакырайган көздөрү ушунчалык таптаза. Бирок, баары бир апасын башкача жакшы көрөм.

Сүйүү бар, ишенип койгула.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Балыкчыда үйүнөн өрт чыгып, 74 жаштагы жаран иске ууланган

Бүгүн, 19-ноябрда Балыкчыда үйдөн өрт чыгып, бир адам иске ууланган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, саат 07:10 чамасында Балыкчы шаарынын Гагарин...

Майрам күндөрү муниципалдык унаа токтотуучу жай үчүн акы алышкан. Мэриянын реакциясы

9-ноябрь күнү окурман Kaktus.media сайтына майрам күндөрү муниципалдык унаа токтотуучу жайга акча алып жатканын билдирген. Бирок, учурдагы жобого ылайык, муниципалдык унаа токтотуучу жай дем...

Оштун айдоочулары да жол кирени 15 сомго көтөрүүнү талап кылышууда

Ошто маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени көтөрүүнү талап кылып жатышат. Бул тууралуу маалыматты Ош шаардык мэриясынын чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Урал Раманов кабарлады.Анын...

Көп окулгандар

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

16 жаштамын атамдын байкесинин баласы шымымды чечип жамбашыма…

Мен 16 жаштамын атамын бир тууган байкесинин баласы бар.Ал мага башкача карайт.Бир куну уйго келип калды анан уйдо эч ким жок болчу.Мен уктап жаткам...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Мага агайым тийишип кабинетке камап алып…

Саламатсыздарбы аноним кылып чыгарыр беринизчи мектепте окуйм 8 класста практикага келген агайым тийишип дежурство кылып калган элем ошондо тийишип суйлоп баштады бир эки кундон...

Актриса, теле алып баруучу Назира Айтбекова кимден токмок жеди?

Назира Айтбекованын айтканы. “Аябай корком. Үнүңдүн өктөм чыгышы эле жүрөгүмдү оозума тыгат. Лакылдап жаны чыгып бараткан куштай тыбырчылап жиберет. Анткени колуңдун оордугун, ал денеме тийгенден...