10.1 C
Бишкек
Пятница, 3 декабря, 2021

Күйөөм мага эмес бул аялга барарда аябай жасанат

Алгач таң эрте туруп машинасын жууйт. Дөңгөлөктөрүнө чейин жакшылап тазалайт. Анан тойлорго кие турган ак көйнөгүн алып чыгат. Анысынан экөө, бирөөсү батпай калган. Анткени үйлөнгөндөн кийин толуп кетти (күлүп). Топчулары баары ордундабы эсептейт. Бир күн мурун чачын тегиздетип келет.

Демейде унутуп калчу духисин таап чыгат. Сакал-мурутун алат. Бут кийимин майлап, аппак байпагын киет. Күзгүгө барып өзүн бир топко карап турат. Акыры чыдабай кетем.

– Болдуңбу? Кеттикпи?

– Ооба, ооба, жаным. Кеттик. Асанчик кана?

– Ал машинада отурат. Атам качан сулууланып бүтөт экен деп…

– Болдубу, болду, кеттик.

Жолдо баратып экөөбүздүн баш кошкон күнүбүз эсиме түштү. Мени үйүмөн алып кеткени келген. Анда дагы кудум азыркыдай жасанып алган эле. Апамдын “күйөө балам тыкан, таза жигит экен, демек, кызымды дагы бактылуу кылат, жашоого тың немедей көрүнөт” деген сөзү эсимде. Күйөөм аябай уялып кызарып чыккан.

Үйдө тизеси чыккан шортасын кийип алып эле иш кылып жүрө берет. “Мага деле жасанып алсаң боло” деп тамашаласам, “бул кара жумуш жаңы кийимди бат кир кылат, сен аны жууйм деп убара болосуң, мен сени ойлоп жатам” деп күлөт. Мен эмес кир жуучу машина убара болорун айтам. Экөөбүз каткырабыз.

Бир дагы жолу көңүлүмдү оорутпады. Баягы күнү тамак ичип отурганбыз. Көзүм столдун үстүндө жанаша турган экөөбүздүн соткаларыбызга түштү. Меники айфон, күйөөмдүкү экраны сынган самсунг. Азыр мындай моделдери чыкпай деле калган. “Мага боло берет” деп коет. Үй салам деп жүрүп күнгө аябай күйдү. Колдору кесилген, жарылган. Дем алыш күнү эс алып уктап алсаң боло десем болбой, бизди ээрчитип алып Бишкек Паркка алып барып ойнотуп келет.

“Мындай көйнөктөр мода болуп жаткан турбайбы, эмнеге сен кийбейсиң” деп баарын байкап, мени дүкөнгө кубалап турат. “Апаңа жардам бер, кыйнап ыйлаба” деп мени аяп, уулуна ушинтип айтат. Бактылуумун! Бул бакыт үчүн күйөөмө ыраазымын. Апам билгендей эле айткан окшойт.

Мына тааныш көчөгө дагы жеттик. Тигине күйөөм ар дайым көңүлүн алып, анын көзүнө жакшынакай көрүнгүсү келип жасанып, мактоосуна татып, алкышын алгысы келген, сыйлаган аял чыкты. Балам аны көрө калып бакырды. “Таене! Таене! Биз келдик!”

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

УКМК: 11 тоннадан ашык контрабандалык айыл чарба продукциясы кармалды

УКМК тарабынан аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Кыргызстандын мамлекеттик чек арасында аткезчилик иш-аракеттердин алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаралар улантылып жатат....

Жалал-Абад шаарында көмүрдүн тоннасы 4 миң сомдон сатыла баштады

Бүгүн, 25-ноябрда Жалал-Абад шаарынын Курманбек жана Түгөлбай Байзаков көчөлөрүнүн кесилишиндеги муниципалдык “Строймаркет” курулуш базарынын короосуна 22,5 тонна көмүр келип түштү. Бул тууралуу мэриянын басма...

Кыргызстанга Түркиянын вице-президенти Фуат Октай келди

Кыргыз Республикасына Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-кеңешмесине катышуу үчүн Түркия Республикасынын Вице-президенти Фуат Октай келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз...

Көп окулгандар

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

16 жаштамын атамдын байкесинин баласы шымымды чечип жамбашыма…

Мен 16 жаштамын атамын бир тууган байкесинин баласы бар.Ал мага башкача карайт.Бир куну уйго келип калды анан уйдо эч ким жок болчу.Мен уктап жаткам...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Мага агайым тийишип кабинетке камап алып…

Саламатсыздарбы аноним кылып чыгарыр беринизчи мектепте окуйм 8 класста практикага келген агайым тийишип дежурство кылып калган элем ошондо тийишип суйлоп баштады бир эки кундон...

Актриса, теле алып баруучу Назира Айтбекова кимден токмок жеди?

Назира Айтбекованын айтканы. “Аябай корком. Үнүңдүн өктөм чыгышы эле жүрөгүмдү оозума тыгат. Лакылдап жаны чыгып бараткан куштай тыбырчылап жиберет. Анткени колуңдун оордугун, ал денеме тийгенден...