1.1 C
Бишкек
Суббота, 4 декабря, 2021

Күйөөмдүн экинчи аял алуусуна каршы болуп, өзүм бирөөгө экинчи аял болдум…

Күйөөм өз жумушун кылып, мен үйдө балдарыбызды карап, жакшы эле күн өткөрүп жатканбыз. Бир күнү күйөөм кеңеше турган маселе бар экенин айтып, мени жанына чакырды. Барсам, “экинчи аял алайын деп атам. Бир келин бар, жакында эле күйөөсү автокырсыктан каза болуп, төрт баласы менен жесир калды. Аны аялдыкка алып, каралашып турайын” деген сунушун киргизди. Ошондо кызганыч сезимим күчөп, күйөөмдү андан ары сүйлөтпөдүм.

Менин кош бойлуу экенимди эске алып, күйөөм ойлонуумду өтүндү. Мен ойлонбой турганымды айтып, “сен аны ала турган болсоң, мен бул үйдөн кетем” дедим. Ошол учурда күйөөм сооп иш үчүн аларын, бирок мени жакшы көрөрүн айтты. Мен такыр көнбөгөн соң, мени ойлоп, ал аялга үйлөнгөн жок.

Ошентип убакыт өтүп, биз кыздуу болдук. Арадан бир жыл өткөн соң күйөөмдүн ден соолугу начарлап кетти. Анын натыйжасында күйөөм каза болуп, төрт балам менен агамдын үйүнө бардым.

Күйөөм жок, анын баштаган иштери калып, жарды жашоого кептелдик. Агамдын 5 баласына менин 4 балам кошулду. Балдардын ызы-чуусуна жеңем чыдабай баратты. Аны сезип, квартирага чыгуума туура келди. Бирок агам каралашып турду. Убакыттын өтүшү менен агам бир жигит менен тааныштырды. Ал мага үйлөнөрүн, бирок аялы менен кеңешерин билдирди.

Өткөн окуяларды эстеп, төбөмдөн муздак суу куюлгандай эле болду. Ошондо күйөөм менден уруксат сураганда, бир пенде менин азыркы абалымды башынан өткөргөнүн ошондо гана түшүндүм. Кылган кылыктарым үчүн уялып, Алла Тааладан кечирим сурадым. Түнү менен намаз окуп, келинчегинин уруксат берүүсүн сурандым. Ал жигит эртеси келинчегин ээрчитип келиптир. Үйгө кирген соң аялын калтырып, өзү чыгып кетти. “Не деп айтат?” деп ыңгайсызданып турганымда, ал аял колумдан кысым, макул экендигин билдирди. Ошондо экөөбүз биригип ыйлап алдык.

Ошентип мен өзүм кетирген каталык үчүн өзүмө жооп алдым. Айтайын дегеним, биз аялдар ойлонбой туруп чечим чыгаруудан мурун баардык нерсени таразаласак дээр элем.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Саламат Садыкова Молдо Нияздын “Санат ырын” ырдап чыкты

Кыргыз Республикасын эл артисти, Казакстан Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Саламат Садыкова, кыргыз адабиятынын көч баштоочусу, туңгуч жазма акын, ойчул...

Алымкадыр Бейшеналиев: “Мага 506 миллион 450 миң сомду бөлүп бергиле!”

Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңеште медицина тармагына 506 миллион 450 миң сом бөлүп беришин талап кылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин кезектеги...

Гүлнара-Клара Самат Москвада элчи катары иштей албай, мамлекетти артка тартууда

Эсибизде. Аликбек Жекшенкулов Москвада элчи болуп турганда мигранттарга кам көрүлүп, укуктук, моралдык жактан колдоого алынып турган. Өзгөчө пандемия айларында күнү-түнү талыкпай иштеп, мекендештерибиздин көйгөйлөрүн...

Көп окулгандар

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

16 жаштамын атамдын байкесинин баласы шымымды чечип жамбашыма…

Мен 16 жаштамын атамын бир тууган байкесинин баласы бар.Ал мага башкача карайт.Бир куну уйго келип калды анан уйдо эч ким жок болчу.Мен уктап жаткам...

Мага агайым тийишип кабинетке камап алып…

Саламатсыздарбы аноним кылып чыгарыр беринизчи мектепте окуйм 8 класста практикага келген агайым тийишип дежурство кылып калган элем ошондо тийишип суйлоп баштады бир эки кундон...

Актриса, теле алып баруучу Назира Айтбекова кимден токмок жеди?

Назира Айтбекованын айтканы. “Аябай корком. Үнүңдүн өктөм чыгышы эле жүрөгүмдү оозума тыгат. Лакылдап жаны чыгып бараткан куштай тыбырчылап жиберет. Анткени колуңдун оордугун, ал денеме тийгенден...