-3.9 C
Бишкек
Пятница, 21 января, 2022

Кайра бузуштубу? Садыр Жапаровдун аккаунту Текебаев жөнүндө кызыктай пост менен бөлүштү

Социалдык тармакта Өмүрбек Текебаев жөнүндө пост жайылып жатат. Колдонуучулар аны менен өзүн Садыр Жапаров деп атаган аккаунт бөлүшүп жатат.

Постту Абдыке Исманович деген колдонуучу жазыптыр. Эгер анын Facebook баракчасына көз чаптырсак, көпчүлүк посттору Өмүрбек Текебаев жана Адахан Мадумаровго каршы жазылган.

Бул ирет ал Текебаевди Караколдо бөлмөсүнө чакырып алып, зордуктаган кыздын жакындары Бишкекке барып сабап кетишти деп жазган. Кеп буга чейин социалдык тармактарга тарап жаткан аудио жөнүндө болуп жатса керек. Анда эркек киши (Текебаев имиш) менен белгисиз аялдын сөздөрү жаздырылган (белгилей кетсек, ал видеодогу сөздөрду талдап чыкканда зордуктоо жөнүндө айтылбайт, экөөнүн сүйлөшүүсүнөн улам жыныстык катнаш эки тараптын макулдугу менен ишке ашып жатканын түшүнүүгө болот).

Постко Абдыке Исманович саясатчынын белгисиз кыз менен түшкөн сүрөтүн тиркеген.

Бул сүрөт 2013-жылы депутаттардын Кытайга барган иш сапары учурунда тартылган. Сүрөттү ошол кездеги ЖМКлардын билдирүүсүнө ылайык Өмүрбек Бакиров тарткан.

Бул пост менен Садыр Жапаров деп аты жазылган аккаунт бөлүшкөнүн колдонуучулар байкашкан.

Кийин репост өчүрүлгөн болчу.

Редакция азыркыга чейин комментарий алуу үчүн президенттин басма сөз кызматы менен байланыша алган жок.

Белгилей кетчү жагдай, президенттин расмий баракчасынан ушундай тастыкталбаган жана корректүу эмес билдирүүлөрдү таратуу биринчи жолу болуп жаткан жок.

Маселен, анын баракчасынан Дастан Бекешевге катуу тие турган комментарий жазылган. Анда президенттин басма сөз кызматы Жапаровдун баракчасын башка адам бузуп кирди, деп актанган эле.

Эске салсак, 1-декабрда белгисиз адамдар Өмүрбек Текебаевге кол салышкан. Алардын бири саясатчынын телефонун жулуп кеткен. Саясатчынын айтымында, кол салгандар андан бийликке асылбоону талап кылышкан.

Саясатчы бул көрүнштү саясий террор деп атап, Садыр Жапаровду кол салууну буюргандарды жоопко тартууга чакырды. Кийин президенттин басма сөз кызматы өлко башчысы укук коргоочу органдарга бул ишти тез арада иликтеп чыгуу тапшырмасын берди, деп маалымат таратышкан. 2-декабрь күну эртең менен Бишкектин ШИИБси шектелүүчү кармалганын, ал 1998-жылкы жаран экенин маалымдашты.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Ысык-Көлдө эркек киши өзүн өзү атып алды

Ысык-Көл областынын Жети-Өгуз районундагы эркек киши өзүнүн башына аттап алды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч түзүмүнүн кызматкерлери билдирди.Алардын айтымында, кече, 17-ноябрга караган түнү Кызыл-Суу...

Тажикстан ооган качкындарын кабыл ала албай турганын расмий билдирди

Тажикстандын бийлиги Ооганстандан массалык түрдө качкындарды кабыл ала албайт. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Рамазон Рахимзода билдирди. Рахимзода мунун себеби катары ооган качкындарын кабыл...

Акылбек Жапаров: Биз «жакыр» өлкө синдромунан баш тартуудабыз

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Акылбек Жапаров жана Михаил Мишустин...

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...