-2.9 C
Бишкек
Понедельник, 24 января, 2022

Кайра шайлоого Эльвира Сурабалдиева да катышат

Экс-вице-премьер-министр, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эльвира Сурабалдиева бир мандатуу округ боюнча талапкерлигин кое тургандыгын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Twitter аккаунтуна жазган.

“Таарыныч болбосун, бирок мырза бир мандаттуу талапкерлерге бир аз жылышууга туура келет”, – деп Сурабалдиева жазган.

Андан тышкары, Биринчи май округу боюнча чыгып жатканын кошумчалады. Бул округдан өз кезегинде анын атасы Жыргалбек Сурабалдиев шайланган экен.

28-ноябрдагы Жогорку Кеңешке шайлоодо борбор калаанын Биринчи май жана Свердлов райондорунан талапкер болгондор колдоого ээ болгон эмес. Шайлоого келгендердин көбү “баарына каршы” деген добуш беришкен. Мындан улам эки округдагы шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Элвира Сурабалдиева парламенттин алтынчы чакырылышына депутат, 2020-жылы бийлик алмашканда кыска мөөнөткө вице-премьер-министр болуп иштеген.

Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланышы керек. Жекшемби күнкү шайлоодогу добуштарды саноо уланып жаткандыктан, расмий жыйынтык азырынча жарыялана элек.

Баштапкы маалыматтар боюнча, саясий жарышка катышкан 21 партиядан алтоо, бир мандаттуу округдардан 34 талапкер мандат алганы турат. Болжолдуу жеңишке жеткендердин арасында партиялардан 20дай аял келиши мүмкүн, бир мандаттуу округдардан айымдар жок.

Добуш берүү аягына чыккан учурда автоматтык эсептөө системасы бир өчүп-күйүп, жыйынтыкта башаламандык жаралган. Бир катар партиялар жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү муну “көз боёмочулук” деп, шайлоону жокко чыгарууну талап кылууда.

Президент Садыр Жапаров жана Борбордук шайлоо комиссиясы система адистин катасынан улам бузулганын, ал шайлоо жыйынтыгына таасир этпегенин билдирип жатышат. Бузулуунун чоо-жайын териштирип жатканы айтылган УКМК азырынча маалымат бере элек.

Маалымат azattyk.org сайтынан алынды.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

«Тазалыктын» кызматкери документтери менен капчык таап алган. Кайтарып берүү үчүн ээсин издейт

«Тазалыктын» кызматкери акчасы, казак паспорту жана банктык карталары менен капчык таап алган. Бул тууралуу «Тазалыктын» басма сөз катчысы Жибек Каракеева социалдык тармактагы баракчасына жазган. Ал белгилегендей,...

Москва: Көп кабаттуу үйдөн аял 2 баласы менен секирген

Россиянын Москва шаарында көп кабаттуу үйдүн терезесинен аял эки баласы менен кошо секирген. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышууда. Маалыматка ылайык, окуя болгон жерде аял...

Садыр Жапаров: Урматтуу жарандарым! Атамды тынч койгула

Бүгүн, 30-ноябрда Президент Садыр Жапаров шайлоо жыйынтыгы боюнча кезектеги билдирүүсүн жарыялады. Ал бул тууралуу оюн социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып чыкты. Президенттин жазганы толук...

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...