10.1 C
Бишкек
Пятница, 3 декабря, 2021

Казактарга акчамды алдатпай так иштеп келип, өзүмдөн 7 жаш кичүү кызга жем болдум

Таласта иш жок болгондуктан, Казакстанга иштеп кеткем. Курулушта, базарда иштеп жүрүп, акча жыйнадым. Кээде ач калып, кээде ток болуп жүрүп тапкан акчамды сары майдай сактап, “үйгө барганда үйлөнөм” деген максатта ката берип, акыры бир машинага жеткидей акча болгондо үйгө салдым.

Дагы үч ай иштеп, акча жыйнап, Таласка келдим. Эки жүз миңге өзүм каалаган машина сатып алып, “эми үйлөнөйүн” деп кыз издей баштадым. Мурда мен сүйлөшүп жүргөн кыздар күйөөгө чыгып, айрымдары шаарга кетип калгандыктан, ылайыктуу кыз таба албай жүргөнүмдө мени таластык Чынара деген кыз менен тааныштырып калышты. Сулуучасынан келген, созулуп көп сүйлөбөгөн, оор басырыктуу кыз көңүлүмө жагып калды. Үйлөнүү тууралуу сунушумду айтсам, ал дагы макул болду. Ошентип бапырап той берип, үйлөндүк.

Таластагы “Хан сарайга” үйлөнүү тоюн өткөрдүк. Арадан бир ай өткөндөн кийин Чынара “шаардагы эжем ооруп жатыптыр. Барып келейин” деп калды. “Мен да кошо барайынбы?” десем, “сен үйдөгү жумуштарды бүтүрө бер, мен бат эле келип калам” деп шаарга жөнөдү. Чынараны узатып кала бердим, телефон чалсам, “шаарга жеттим” деди. Ошол бойдон байланыш үзүлдү. Телефон чалсам телефону өчүрүлгөн. Эмне болду деп бүкү-түкү болуп, кайын журтума барып, ата-энесинен эжесинин телефонун алып чалсам, эжеси “мага келип эле кайра кеткен.
Сыягы мурдагы күйөө бала менен жарашып алды окшойт” деди. Башка чапкандай эле болдум. Ошону менен Чынарадан дайын жок. Сураштырсам, көрсө Чынара Бишкекте окуп жүргөндө көлдүк бала менен жарандык никеде жашап жүрүптүр. Ал бала менен Чынаранын жашаганын ата-энеси, айылдагы туугандары билчү эмес экен. Бир эле ошол шаардагы эжеси билет тура. Ал бала бир-эки ай бир жакка кетип дайынсыз болгондо, Чынара Таласка баса бериптир. Ошол учурда мен ага жолугуп, үйлөнүп калыптырмын.

Биз үйлөнгөндөн кийин кайра тиги бала Чынараны издеп, эжесине келет. Ошентип, анын дайынын уккан Чынара Бишкекке жөнөйт. Ушунчалык алданганыма таңгалдым. Казактарга жем болбой, акчамды алдатпай так иштеп келип, өзүмдөн 7 жаш кичүү кыз башымды айлантып, алдап койгонуна ыза болдум. Мен жалаң иш деп жүрүп, тажрыйбам жок экендигине ынандым. Досторум да “азыркы кыздар кулагыңа кесме илет, абайла” деп айтышты эле.

Азиз 

“Азия Ньюс” гезити

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Боюмда бар экенин ата-энем билбейт

Жигитим экөөбүз 20 жаштабыз. Боюмда бар экенин бүгүн тесттен билдим. Болжол менен бир жума болсо керек. Жигитиме айткандан коркуп жатам. Ал кубанат. Бирок ата-энем...

“Баалар көтөрүлө берет”. Дүйнө жүзүндө акыркы 40 жыл ичинде азык-түлүккө болгон баа жогорулады

Дүйнө жүзүндө акыркы 40 жыл ичинде азык-түлүккө болгон баалар рекорддук көрсөткүчтө жогорулады. Бул тууралуу “INFOLine” аналитикалык маалымат агенттигинин негиздөөчүсү жана башкы директору Иван Федяков билдиргенин чет...

Бакыт мырза, мас абалыңызда жол кырсыгына кабылып, оор жаракат келтирдиңизби?

(Бишкек ШИИБнин экс-начальниги Бакыт Матмусаевге!) — Аз күн мурун мас абалыңызда машина айдап баратып, жол кырсыгына себепчи болдуңузбу? Үч машинаны катар сүзгөнүңүз ыраспы? Наркология борборунан...

Көп окулгандар

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

16 жаштамын атамдын байкесинин баласы шымымды чечип жамбашыма…

Мен 16 жаштамын атамын бир тууган байкесинин баласы бар.Ал мага башкача карайт.Бир куну уйго келип калды анан уйдо эч ким жок болчу.Мен уктап жаткам...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Мага агайым тийишип кабинетке камап алып…

Саламатсыздарбы аноним кылып чыгарыр беринизчи мектепте окуйм 8 класста практикага келген агайым тийишип дежурство кылып калган элем ошондо тийишип суйлоп баштады бир эки кундон...

Актриса, теле алып баруучу Назира Айтбекова кимден токмок жеди?

Назира Айтбекованын айтканы. “Аябай корком. Үнүңдүн өктөм чыгышы эле жүрөгүмдү оозума тыгат. Лакылдап жаны чыгып бараткан куштай тыбырчылап жиберет. Анткени колуңдун оордугун, ал денеме тийгенден...