10.1 C
Бишкек
Пятница, 3 декабря, 2021

Кеминде жайлоого кетип, дайынсыз болгон келин. Тургундар көргөн-билгендерин айтып беришти

22-февраль күнү Кемин районундагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Терек-Жайлоо тилкесинде жоголгон келин табыла элек. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, 1989-жылы туулган келин жайыттан мал айдап келем деп үйүнөн чыгып, кайра кайтып келген эмес. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдин куткаруучулары тартылып, аны табуу аракеттери бүгүн да улантылат.

 

Жаӊы-Алыш айылынын тургундарынын айтымында, изделип жаткан келиндин 3 баласы бар.

«Милиция, ӨКМ келинди Кызыл-Октябрь айылынын тургуну деп маалымат таратып жатышат. Ал үй-бүлө Жаӊы-Алыш айылынан. Аталган эки айыл жакын жайгашып, Терек жайлоосунун аймагы экөөнө чектеш болгону үчүн ушундай маалымат айтылса керек. Бул келиндин кайын ата, кайын энеси Бишкек шаарында да жашап келишкен. Жаӊы-Алыш айылына келишип, жайыт алып, Терек аттуу кыштоого сарай салышкан. Кайын атасы 1-2 жыл мурун тоодон жол кырсыгына кабылып каза болгон. Бул кичүү уулунун аялы. Экөөнүн 1 жаштагы, 3 жана 6 жаштагы балдары бар.

WhatsApp Image 2021-02-24 at 11.00.52

Негизи алар кыштаган жерде токой жок. Адашып кетчү жер эмес. Бирок, жарлар бар. Шар аккан суу, дарыялар деле жок», – деп билдиришти айыл тургундары.

Жаӊы-Алыш айыл өкмөтүнөн бул келин тууралуу төмөнкүлөрдү билдиришти.

«Бизде чарба китепте келиндин кайын ата, кайын энеси кашары менен чогуу катталуу. Уул-келини бизге катталбаптыр. Мектепте окуган балдары жок», – деди айыл өкмөттөн.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 23-февралда Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө 2021-жылдын 22-февралында саат 12:00дө Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 1989-жылы туулган тургуну Д.Н. Терек-Жайлоодон мал алып келүү үчүн үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес деген билдирүү түшкөн.

Бул факт Кемин РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Учурда Кемин РИИБдин милиция кызматкерлери Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте Д.Н.ны издөө иштерин жүргүзүп жатат.

Өзгөчө белгилери: бою 160 см, көзү кара, чачы ийнине чейин, кара.

Кийген кийимдери: көк жоолук, ак жана көк түстөгү спорттук күрмө, кызыл чапан, кара шым, гөлөш.

Изделип жаткан адамды көргөн же кандайдыр бир маалыматка ээ болгондор 0 (3135) 5-02-80, 0 (312) 61-68-41 же 102 номурларына чала алат.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Бишкекте 16 млн. долларды түзгөн кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду ачылды

Бүгүн, 5-ноябрда Бишкекте кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду ачылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чарага Экономика жана коммерция министринин орун...

Талибан парады. Афганистанда америкалык жана россиялык техникалар көрсөтүлдү. Сүрөттөр

Афганистанда бийликти басып алган "Талибан" кыймылы Кабулда аскердик парад өткөрдү. Бул тууралуу - Би-Би-Си орус кызматынын материалында. Кабулдун негизги көчөсүндө талиптердин аскердик парады. Кабулдун...

Улан Үсөйүн: Эже жаш болсоңуз таң атканча гей эместигимди далилдеп бермекмин

Активист Улан Үсөйүнгө Фейсбук колдонуучусу “Чын эле гейсиңби ошону айтчы?”, – деп суроо узатты. Активист суроого курч жооп берди.

Көп окулгандар

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

16 жаштамын атамдын байкесинин баласы шымымды чечип жамбашыма…

Мен 16 жаштамын атамын бир тууган байкесинин баласы бар.Ал мага башкача карайт.Бир куну уйго келип калды анан уйдо эч ким жок болчу.Мен уктап жаткам...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Мага агайым тийишип кабинетке камап алып…

Саламатсыздарбы аноним кылып чыгарыр беринизчи мектепте окуйм 8 класста практикага келген агайым тийишип дежурство кылып калган элем ошондо тийишип суйлоп баштады бир эки кундон...

Актриса, теле алып баруучу Назира Айтбекова кимден токмок жеди?

Назира Айтбекованын айтканы. “Аябай корком. Үнүңдүн өктөм чыгышы эле жүрөгүмдү оозума тыгат. Лакылдап жаны чыгып бараткан куштай тыбырчылап жиберет. Анткени колуңдун оордугун, ал денеме тийгенден...