Түркияда акыркы эки жумада коронавирус 5 эсеге көбөйдү

360

түркияда акыркы эки жумада коронавируска чалдыккандардын саны беш эсеге көбөйдү. Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа 50 жаштан жогорку курактагы жарандарды вакцинанын дагы бир дозасын алууга үндөдү. Маалыматты чет элдик басылмалар жазышты.

“27-июндан 3-июлга чейин оорунун саны өткөн жумага салыштырмалуу 114 пайызга өскөн. Акыркы эки жумадагы өсүш дээрлик беш эсеге жетти”, – деп жазылат маалыматта.

“Эгерде акыркы эмдөөдөн бери 6 ай өтсө, 50 жаштан ашкан адамдарга жана коркунуч тобундагы адамдарга вакцинанын башка дозасын алуу милдеттүү түрдө сунушталат”, – деген Түркиянын саламаттыкты сактоо министри.