-1.9 C
Бишкек
Четверг, 13 января, 2022

Кооз. Улуттук банк COVID-19 менен күрөшкөндөргө арнап монета чыгарды

2021-жылдын 1-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы КМШнын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата “Тарыхый окуялар” сериясындагы “КМШга – 30 жыл” коллекциялык монетасын чыгарды.

Ошондой эле, медицина кызматкерлерине, укук коргоо органдарына, волонтерлорго жана COVID-19 пандемиясын жеңүүдө иштегендердин баарына ыраазычылык белгиси катары “Жашоо үчүн рахмат!” атту коллекциялык монетасы чыкты.

Жез-никель коллекциялык монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжети “Жашоо үчүн рахмат!” Бул ар кандай кесиптин өкүлдөрүнүн жана өз өмүрүнө коркунуч келтирип, коронавирустук пандемияга жан аябастык менен каршы турган ыктыярчынын сүрөттөрү. Монетанын жогору жагында ойгонгон табиятты, таңды жана жаңы жашоону символдоштурган күндүн чыгышынын стилдештирилген сүрөтү бар.

Монетанын айланасында: “Өмүр сакчыларына таазим! , Өмүр үчүн рахмат!” деген жазуу бар. Монетанын ылдый жагында анын номиналы – “1 сом” көрсөтүлгөн.

Монетанын арткы бетинин негизги сюжети – биримдиктин, ааламдын жана тиричиликтин символу катары ынтымактуу адамдардын образындагы стилдештирилген дарак.

“КМШга – 30 жыл” күмүш коллекциялык монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжети КМШнын гербинин элеси. Монетанын төмөн жагында анын номиналы – “10 сом” деп көрсөтүлгөн. Монетанын айланасында: “Көз карансыз Мамлекеттердин Шериктештигине 30 жыл, КМШ – 30 жыл” деген жазуу бар.

Монетанын арткы бетинин негизги сюжети – кызматташтыктын, өз ара аракеттенүүнүн жана өнүгүүнүн жолдорун символдоштурган чырмалышкан сызыктар.

Монетанын ортосунда Кыргыз Республикасынын герби тартылган. Монетанын ылдый жагында металлдын сапаты (Ag 925), салмагы (28,28 г) жана чыгарылган жылы (2021) көрсөтүлгөн.

Ар бир коллекциялык монета акрил капсуласына салынып, күмүш монеталарга сапат сертификаты тиркелген өзүнчө кутуга салынган.

Улуттук валютанын коллекциялык монеталары Кыргыз Республикасынын аймагында расмий мыйзамдуу төлөм каражаты статусуна ээ.

Коллекциялык монеталарды сатуу – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кассаларында иш күндөрү саат 09:00дөн 15:00гө чейин, ошондой эле www.numizmat.nbkr.kg сайты аркылуу жүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Асынып алган аял менен кызынын өлүмү боюнча күйөөсү жана кайненеси соттолду

Самарканд облусунун Каттакурган районунда 16 жаштагы кыз менен анын апасы сарайга асынып алышкан. Бул тууралуу Gazeta.uz басылмасы Sevimli телеканалынын репортажына таянып кабарлады. Маалыматка караганда,...

Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасынын эки орун басарын алмаштырды. Кимдер келди?

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Заир Чокоев менен Манас Жакыпов Улуттук банктын төрагасынын орун басарлары болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын аппаратынын...

Бабанов менен Жээнчороев уруша кетишти

«Камактан жүрөгү сыгылып калган Өмүрбек Бабанов командасына кыянаттык кылууну көздөп, алдыга эч кимдин чыкпай калышына кызыкдар болдубу? Бул боюнча партиялашы Мирлан Жээнчороев шефи менен пикири...

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...