-3.9 C
Бишкек
Пятница, 21 января, 2022

Кристина Болдырева дүйнө чемпиону болду. Бирок Кыргызстандын желегин көтөрө албады

Жакында Бухарестте (Румыния) өткөн армрестлинг (кол күрөш) боюнча дүйнө чемпионатында Кристина Болдырева алтын жеңип алды.

Спортчунун өзү Kaktus.media сайтына билдиргендей, ал сыйлык тапшыруу аземинде тууну постаментке көтөрө алган эмес, анткени өлкөнүн желегин алып жүргөн өкүл бир жакка кетип калган.

“Сүрөттөн жада калса экинчи жана үчүнчү орундарды ээлеген атаандаштарым өз мамлекеттеринин желектери менен турганын көрүүгө болот. А менде жок”, – деди ал.

Ал белгилегендей, бул чемпионатта Кыргызстандын атынан алты гана спортчу катышкан, ал жалгыз гана “Улуулар” (чоңдор) категориясында, калгандары ардагерлер, өспүрүмдөр жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер.

“Чемпионаттын алдында визага өзүбүз чуркадык, документтерди толтурдук, өз каражатыбызга билет алып, катышуу акысын төлөп, каржылык чыгымдарды да өзүбүз төлөдүк. Жыйынтыгында мага ушундай мамиле болду”, – деди ал.

Болдырева белгилегендей, Кыргызстандан барган делегацияны Азия федерациясынын президенти жана Кыргызстандын армрестлинг федерациясынын экс-президенти Жээнбек Мукамбетов жетектеп, өлкөнүн желеги дал ошол кишиде болгон.

“Сыйлык тапшыруу аземине бир мүнөт калганда мен аны подиумдан көргөм. Бирок, андан кийин ал көздөн кайым болуп, мен жалгыз калдым, ал эми башка спортчуларды сыйлоо учурунда ал жеңүүчүлөрдүн жанында сыймыктануу менен турат”, – деди ал.

Ал эми андан кийинки күнү медал үчүн анын оң колу менен күрөшкө уруксат берилген эмес.

Белгилей кетсек, армрестлингде спортчулар эки медалга ээ боло алышат – мелдештер оң жана сол кол менен жүрөт.

Болдыревада Орусиянын жарандыгы бар экени, ушундан улам ага Кыргызстандын курамасында ойноого тыюу салынганы белгилүү болду.

“Быйыл, жайда Кыргызстандын курамасында ойноп, эки алтын медаль уттум, баары жакшы болгон. Бирок эмне үчүн мени дал ушул дүйнөлүк чемпионаттан дисквалификациялашты? Кийин билсем, биздин өкүл Жээнбек Батталович мага арачылык кылган да эмес, тескерисинче, менин жарандыгым тууралуу билбегендиктен, менин четтетилишимди өзү демилгелеген”, – деди ал.

Ал эки жашынан бери Кыргызстанда жашап, ар дайым эл аралык аренада армрестлинг эмес, акробатика боюнча да өлкөбүздүн атынан чыгып келе жаткан.

“Менин жарандыгым боюнча маселе эч качан көтөрүлгөн эмес. Спортчу өзү каалаган өлкө үчүн ат салышууга укуктуу. Башкача айтканда, мен Кыргызстандын атынан ар дайым эл аралык аренада катышып келгем жана эч кандай көйгөй жаралчу эмес. Сыйлык тапшыруу аземинде желекти бербей койгонуна дагы эле капамын. Оң колум менен күрөшүү үчүн катышуу акысын төлөгөм, бирок ал кайтарылган жок. Биздин федерация бизге арачылык кылган жок. Эмне үчүн экенин билгим келет”, – деп ал кошумчалады.

Спортчунун билдирүүсүндө Кыргызстандын Армрестлинг федерациясы Instagram баракчасынан жооп кайтарды. Федерация эмоциялар спортчуларга кырдаалга так-даана баа берүүгө тоскоол берерин белгилеген.

Федерация ага жооп берип “Анын күчүн жана бул мелдештерге даярдыгын билип, Мукамбетов Жээнбек Батталовичтин аркасы менен аны дүйнөлүк чемпионатка каттатып, жеңип алган медалын сол колуна калтырууга үлгүрдү. Ал Россиялык команданын нааразычылыгынан улам четтетилди. Далилдер тиркелип, күбөлөр бар”,- деп эл аралык федерациянын катын жарыялады.

Желекке келсек, сыйлык тапшыруу аземине ар бир спортчу өлкөнүн символдору түшүрүлгөн желек жана футболкасын өзү көтөрүшү керектиги белгиленген. Ал эми желекти даярдоо жана тапшыруу Жээнбек Мукамбетовдун милдетине кирбейт.

Мукамбетовдун өзү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Улуттук банк сурамжылоо толтурганы үчүн 50 миң сом береби? Бул фейк ишенбеңиз

Социалдык тармактарда жана кыргыз сегментинин мессенджерлеринде Кыргызстандын Улуттук банкы сурамжылоодон өткөндөрдүн ар бирине 50 миң сомдон берип жатканы тууралуу маалымат тараган. Бул шилтеме Кыргыз...

Оппазиция дешет, «Азаттык» партиясынын тизмесинде кимдер бар?

Эскилерден, белгилүүлөрдөн жана оппозиционерлер чогулган  «Азаттык» партиясы  10 октябрь  күнү курултайын өткөрүп, Парламенттик шайлоого баруучу тизмесин бекитти.  Партиянын ичинде 82 жаштагы Легендарлуу парламенттин төрагасы...

Бообек Ажикеев Атомдук энергия боюнча конференцияда сөз сүйлөдү

"Кыргызстан Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттикке мүчө болбогондуктан шайлануу укугунан ажыратылган. Бул уюмга мүчө өлкөлөр ортосунда теңсиздикти жараткан көрүнүш", - деди КР өзгөчө...

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...