13 жаштагы кыздын зордукталышы. Айыпталуучулар күнөөлөрүн моюнга алышкан жок

309

Бишкектин Свердлов райондук соту 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча ишти карап жатат.

Айыпталуучулар үчөө: 41 жаштагы “Дордой” базарынын кароолчусу Кумарбек, 39 жаштагы Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө боюнча мурдагы инспектору Дайырбек жана 34 жаштагы Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын  мурдагы милиция кызматкери Эрмек.

Соттук отурум жабык эшик артында өтүүдө.

Жабырлануучу тараптын кызыкчылыгын коргогон жактоочу Тимур Султанов журналисттерге билдиргендей, процесс жабык болгондуктан, күбөлөрдү суракка алуунун чоо-жайын айта албайт. Ал кошумчалагандай, дагы бир күбөнү угуу калды, андан соң айыпталуучуларды суракка алуу башталат.

Юрист белгилегендей, үч шектүү тең күнөөлөрүн мойнуна албай жатышат. Алардын жактоочулары айыпталуучулардын биринин сүрөтүн жарыялап, аны зордукчу деп атаган ММКларды жана социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларын жоопко тартууну өтүнүүдө.

Тимур Султанов күнөөсүздүк презумпциясы бар экенине кошулуп, бирок ошол эле учурда сот Кылмыш-процессуалдык кодекске ылайык, аны бузгандарга кылмыш ишин козгоо чечимин чыгара албасын белгиледи.