«Ата» деп ыйлаган наристе: Бишкек—Ош унаа жолунда аял жана эркек киши каза тапты (видео)

852

Бишкек—Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 2 адам каза тапты. Бул тууралуу Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 8-июль күнү болжол менен саат 16:45 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 171-чакырымында «Дэу-Нексия» үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу түштүктөн түндүктү карай башкарып бара жатып, рулга ээ боло албай жолдун карама-каршы тилкесине чыгып оодарылып кеткен.

Жол кырсыгынын кесепетинен унаанын 1983-жылы туулган айдоочусу К.К.А. жана 1964-жылы туулган жүргүнчүсү (аял киши) жеринде каза болушкан. Мындан сырткары жүргүнчүлөр — 2008-жылы туулган А.Г.К., 2011-жылы туулган А.А.К. жана 2019-жылы туулган А.Н.К. Бишкеке шаарынын №3 балдар ооруканасына жеткирилген.

Видеодо 3 жаштагы наристенин «ата» деп ыйлап жатканын угууга болот. Окуянын күбөлөрү билдиришкендей, кырсыктан каза тапкан аял балдардын таенеси, ал эми эркек киши балдардын атасы.