Бишкекте батирден эркек кишинин жансыз денеси табылды

208

Бишкектин 5-кичирайонунда жайгашкан үйдүн батиринен адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, куткаруучулар батирдин бекилип калган эшигин ачышканда батирдин ичинен 74 жаштагы Ф.В. аттуу эркек кишинин сөөгүн табышкан.

Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.