Бишкекте коомдук унаада жүргүнчү аялга кол көтөргөн жаран кармалды (видео)

316

Бишкекте маршруттук каттамдардын биринде жүргүнчү аялга кол көтөргөнгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-июлда Назира Мукамбетова аттуу жаран шаардагы каттамдардын бириндеги кичи автобуста белгисиз адам ага кол көтөргөнүн айтып, арыз менен кайрылган.

Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына катталып, тийиштүү соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Жүргүнчүгө кол көтөргөнгө шектелип 1988-жылы туулган Б.К. аттуу жаран милицияга жеткирилди. Ал аталган окуя боюнча өзүнүн түшүндүрмөсүн берген.

Учурда бул иш боюнча тиешелүү материалдар топтолуп, мындан ары иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Ошол эле учурда милиция кызматы арыздануучунун укук коргоо органдары өз убагында чара көргөн эмес деген айыптоолору негизсиз экенин билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Назира Мукамбетова аттуу Фейсбук колдонуучусу коомдук унаада белгисиз адам сабаганын, милиция чара көрбөй жатканын айтып чыккан.