Ысык-Көлдүн курорттук аймагында милиция кызматкерлери “Өспүрүм-Түн” рейдин өткөрүштү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Профилактикалык рейд негизинен курорттук аймактарда жайкысын түнкү оюн-зоок мекемелери иштеген жайларда өттү. 3 күндүк рейддин жүрүшүндө, райондук милициянын балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору жаш өспүрүмдөр түнкүсүн көп чогулчу компьютердик салондор, түнкү клубдар, кафелер, дискотекалар, сейил бактар жана скверлер сыяктуу жайларды текшеришкен.
Натыйжада республиканын мыйзамдарында балдардын болушуна тыюу салынган же чектелген жерлерде түнкүсүн ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосуз жүргөн 12 бала аныкталган. Дайынсыз жоголгон 2 бала табылып, ата-энелерине кайтарылып берилди.
Рейддин жыйынтыгында, милиция кызматкерлери тарабынан Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 74 (балдардын ден соолугуна, дене-бойлук, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын бузуу) беренеси менен 5 протокол түзүлүп, ата-энелердин ар бирине 1000 сом өлчөмүндө айып пул салынган. https://youtu.be/LHQv2QDwhbM