Ош шаарында 41 жаштагы аял үйүнүн жанында каза болду

771

Ош шаарында 41 жаштагы аял сууга чөгүп кеткенин Turmush басылмасынын кабарчысына өздүк булактар ​​билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, кырсык 9-июль күнү саат 16:00 чамасында болгон. Аношин көчөсүнүн 1981-жылы туулган тургуну К.Н. үйүнүн жанындагы каналга түшкөн. Аны агым алып кетти.

Аялдын жансыз денеси 2-3 чакырым ылдый жактан табылган.