балдардын ата-энелери милицияга арыз жазышканын Ош ШИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, милицияга ушул жылдын 1-2-июль күндөрү Ош шаардык клиникалык ооруканасынан 8 жаш өспүрүм уулануу белгилери менен кайрылышкандыгы билдирилген.
Аталган билдирүү Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн маалымат эсептик журналына катталган.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө өспүрүмдөрдүн бардыгы «Олигарх» бассейнинде жүрүп, белгисиз себептерден улам ууланышкандыгы аныкталган.
Тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүү учурунда бул факт боюнча жашы жетпегендердин ата-энелери арыз менен кайрылышып, бассейндин ээсине жана тиешелүү кызматкерлерине карата мыйзам чегинде чара колдонууну суранышкан.
Азыркы учурда бассейнде канча адам болгондугун, ууланууга эмне себеп болгондугун аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары уулануу белгилери менен ооруканаларга кайрылган жаш өспүрүмдөрдүн денесине келтирилген жараттардын оордугун жана уулануу себебин аныктоо үчүн аларга карата соттук-медициналык жана соттук-биологиялык экспертизалар дайындалды.