Суусамырда Деу Нексия кырсыкка кабылып, эки адам каза болду

394

Бишкек-Ош унаа жолундагы жол кырсыгынан эки адам каза болду. Мындай маалыматты Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан тастыкташты.

Билдирүүгө ылайык, жол кырсыгы 8-июль күнү унаа жолдун 171-чакырымында болгон. Анда Деу Нексия унаасынын айдоочусу унааны башкара албай калып, каршы тилкеге чыгып, андан кийин ала салып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен унаанын 1983-жылы туулган айдоочусу жана 1964-жылы туулган жүргүнчүсү окуя болгон жерден каза болуп, 2008, 2011 жана 2019-жылы туулган балдар ооруканага жеткирилген.