Түркиянын Гёреле районунда кыргызстандык аял киши колдуу болуп каза тапты. Бул тууралуу түрк маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Полициянын маалыматы боюнча, маркум Керемет.Н. жансыз денеси башка райондон тагыраагы, 7 чакырым алыстыкта жолдун жээгинен табылган. Ал башынан жана далысынан алган жаракатынан улам каза болгон.
Маалым болгондой, маркум менен кылмышкер жубайлар болушкан. Керемет.Н. артында 3 баласы калды. Бирөөсү кылмышкерден.
Күйөөсү аялын ала жипти аттаганы үчүн, кызганычтан улам өлтүргөнүн айткан.
Маркумдун сөөгү тиешелүү экпертизалардан кийин мекенинне жөнөтүлөт.