Таласта 8-класстын окуучусу 18 жаштагы жигиттен кош бойлуу болуп калды

600

Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу айылдардын биринде 8-класстын окуучусу кош бойлуу болуп калды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, окуучу кыздын кош бойлуу болуп калгандыгы бир нече күн мурун билинген. Анда 2004-жылкы өспүрүм менен 2007-жылы туулган кыз жакын мамилеге барганы маалым болду.

Ал эми Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына байланышканыбызда аталган окуя маалыматтарды эсепке алуу электрондук журналына катталгандыгын, тиешелүү текшерүүлөр жүрүп жаткандыгын билдиришти.