Укук коргоочу Камил Рузиев Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Ак-Булуң айылынан 16 жаштагы Айгерим Сабиржанова кызды ала качып кеткенин билдирди.
Анын айтымында, аталган факты Каракол ШИИБине катталып, иликтөө иштери жүрүп, Түп РИИБине өткөрүлүп берилген.
Ысык-Көл ОИИБинен аталган окуянын чоо-жайын билдиришти. Маалыматка караганда, арызды ала качып кетишкен Айгерим аттуу кыз менен дос болгон жигиттин атасы Тахира Доменбаева жазган. Алдын ала текшерүү учурунда кызды мурда сүйлөшүп жүргөн Кара-Балта шаарынын 20 жаштагы Ислам аттуу тургуну ала качып кеткени аныкталган.
«Айгеримдин ата-энеси арыз жазуудан баш тартып, ызы-чуу салбоосун өтүнүшкөн. Бирок ал жашы жете элек болгондуктан, биз бардык керектүү тергөө иш-чараларын жүргүзөбүз», — деп белгилешти РИИБ.
Камил Рузиев өз кезегинде Акыйкатчы Атыр Абдрахматова менен Ички иштер министрлигинен аталган окуя боюнча тез арада чара көрүүнү суранды.