Ысык-Көлдөгү кар көчкүнү видеого тартып жаткан турист жаракат алды (видео)

441

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Сырт өрөөнүнүн Жууку ашуусунда түшкөн кар көчкүдө чет элдик эс алуучу жеңил жаракат алган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиршти.

Маалым болгондой, мөңгү 8-июлда ураган. Түшкөн көчкүнүн көлөмү болжол менен 2 млн 11500 кубду түзөт. Жерине Жети-Өгүз райондук ӨКБдан 2 офицер жана жайыт комитети, жарандык коргонуу кызматынан ыкчам топ координациялоо иштерин жүргүзүүгө чыгып кетишкен. Ошол учурда туристтер Жууку ашуусунда болгон. Эс алуучулардын бири кар көчкүнү видеого тартып жатканда, бутунан жеңил жаракат алган. Ага ошол эле күнү «Кумтөр» ишканасынын медицина кызматкерлери тарабынан жардам көрсөтүлгөн

Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору Кайрат Молдошевдин айтымында, мөңгүнүн урашына климаттын өзгөрүшү себеп болду. Абанын температурасы жогору болгондуктан, мөңгү эрип, анын бир бөлүгү ураган.