Ысык-Көлдө жаандын кесепетинен сел жүрүп, суу үйлөрдү каптады (сүрөт, видео)

418

Кечээ, 13-июлда Ак-Суу районунун Бурма-Суу айылында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен чогулган сел каналдарга батпай, турак үйлөрдүн короолорун жана ички чарбалык жолдорду каптаган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине Ак-Суу райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 2 офицер, Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, мотопомпа жана башка атайын шаймандар менен сууларды сордуруп тазалоо иштери жүрүүдө. Ошондой эле Челпек айыл өкмөтүнөн 1 даана МТЗ-82 экскаватору тартылып, каналдардын жээктери бекемделип жатат.