ЖАШЫ ЖЕТЕ ЭЛЕК КЫЗДЫ ЗОРДУКТОО. СОТ ШЕКТҮҮЛӨРДҮ БОШОТТУ

548

Бишкекте 16 жаштагы кызды зордуктады деп айыпталган эки жаран камактан бошотулду. Бул тууралуу Балдар укугун коргоочулар лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жаналы Батырбеков чыгарган.

«Бүгүн КР Кылмыш-жаза кодексинин жашы жете электерге карата «Зордуктоо» беренеси боюнча өзгөчө оор кылмыш жасаган деп айыпталган эки адамга карата козголгон кылмыш иши боюнча алдын ала соттук отурум болуп өттү. Кыз алган жараатынан өлүп кала жаздады. Судья алардын баш коргоо чарасын ал жерден чыкпоо тууралуу жазуу жүзүндөгү милдеттенмеге өзгөртүп, сот залынан бошотту», – деп жазган Назгүл Турдубекова.