-5.9 C
Бишкек
Четверг, 27 января, 2022

Кыргызстан Токтогулдагы сууну Казакстанга агызып турган, бирок айткан эмес

Бул күндөрү премьер-министр Акылбек Жапаров иш сапары менен Казакстанда болду. Ал бир нече жолугушууларды өткөрүп, сүйлөшүүлөрду жүргүздү.

Казакстандын министрлер кабинетине шилтеме жасалып, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Кыргызстан Токтогул суу сактагычынан кошумча суу агызгандыгы үчун ыраазычылык билдирди деген маалымат тараган.

Казакстандын өкмөт башчысы эки өлкөнүн суу-энергетика тармагындагы кызматташууга жогору баа берди. Токтогул суу сактагычынан кошумча суу агызып бергениңер Казакстандын түштүк региондорундагы кургакчылык шартта аграрийлердин керектөөлөрүн камсыздоого мүмкүнчүлүк түздү, деп жазылган.

Белгилей кетчү жагдай, Акылбек Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары боюнча Кыргызстан тараптын расмий пресс-релиздеринде Казакстан тараптын кошумча суу берилгендигине ыраазычылык айтканы эскертилген эмес.

Улуттук энергохолдинг бул тууралуу эмне дейт?

Энергетика тармагындагы башкы ведомство эми коомчулукка түшүндүрмо берүүгө аргасыз. Бирок аларга анчейин ишене албайсың.

“Токтогул суу сактагычын суу ресурсун үнөмдөө жана аны төмөнкү чекке жеткирбөө үчүн Казакстан Республикасынын энергетикалык компаниялары менен үстүбүздөгү жылдын март айында электр энергиясын өз ара жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн.

Келишимге ылайык, жайкы мезгилде Токтогул ГЭСинен суу агызуу иштери жүргүзүлүп, кышында ал электр энергиясы түрүндө Кыргызстанга кайтарылган. Кыскасы, товар алмашуу жолу менен.

Жалпысынан “Электр станциялары” ААК менен Казакстандын энергетикалык компаниясынын ортосунда 900,0 млн кВт/саат электр энергиясын өз ара жеткирүү келишими түзүлгөн. Алынган электр энергиясы келишимге ылайык, 2021-жылдан 2023-жылга чейин товар алмашуу менен кайтарып берүү каралган. Ошондо жылына 300 млн кВт/сааттан берип туруу шарт.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 8-декабрына карата Кыргызстан Казакстандан 616,4 млн кВт/саат электр энергиясы алынды”.

Ал эми министрлер кабинетинде бул маалыматка эч кандай комментарий берлиген жок. Жогоркуда көрсөтүлгөн мезгилде жана андан кийинки айларда кыргыз фермерлери да суунун жетишсиздигинен жабыркаган.

Эске салсак, Кыргызстандын фремерлери суунун аздыгынан түшүм да аз жыйналып, малга тоют жетиштүу деңгээлде камдалган эмес. Казакстанда быйыл кургакчылык катуу жүрдү.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

ТЕКТЕШ КАБАРЛАР

Талант Бегалиев атаандашын 11:0 эсебинде жеңип, Дүйнө чемпиону болду (ВИДЕО)

Өлкөбүздүн намысын коргогон Талант Бегалиев ардагерлер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясы билдирди. Маалыматка ылайык, Бегалиев 70 кг салмакта эркин...

Жылдызхан Жолдошева: “Тажиктер кирип келгенде, ушул аскердик техникалар кайда эле?”

Бишкекте Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы белгиленип, анда аскердик техникалар параддан өткөн. Жогорку Кеңешинин 5-чакырылышынын депутаты Жылдызхан Жолдошева парадка чыккан  аскердик техникалар тууралуу Фейсбук баракчасына жазып чыкты....

Көп окулгандар

Назира Айтбековага жыныстык мүчөсүн ким тартып жөнөттү? (Фото +21)

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова ар кандай адамдар кат жазышаарын арасында жыныстык мүчөсүн тартып жөнөткөн адамдар бар экенин жазды. Ал билдирүүсүн түбүнө сүрөт жарыялап, кийинчерээк...

Күйөөмдүн досу үйгө түнөп кетейин деп келген. Күйөөм экөөнө бир комнатага төшөк салып бергем. Башкача үндөр угулгандан кире калсам…

Жолдошум менен турмуш курганыма 2жыл болду. Бир кызым бар жакшы түшүнүктүү жолдошум жакшы эле жашап жаттык. Бир күнү досу коноктоп келди эле аш кылып...

Молдо күйөөмдү уктатып мени зордуктап койду, кош бойлуу экенимди кантип айтам?

Биз жолдошум экөөбүз он жыл сүйлөшуп жүруп баш кошконбуз. Эки жыл бала жытын жыттайбыз деп күттүк. Андан кийин дарыгерден дарыгерге барып жүрдүк. Көрсө күйөөмдүн...

Өлүп тирилген жигит: “Мүрзөнү ачсак уулум тирүү чыкты”

Быйыл ит жылы болгондуктан, ит тууралуу бир жакшы окуя эсиме түшүп, ошону силердин гезитиңерге жазып жөнөтүүнү ылайык көрдүм. Бирок бул окуя тээ илгери мен...

Келиним шаардан келген, балам шаарга кеткенде келиним төшөктүн үстүндө бышылдап…

Кандайсыңар! Бул жакта көптөрү өзүнлөрүнүн проблемаларын айтып, жооп ала алат экен... Менин дагы бир көйгөйүм бар.. Жакында эле келин алып, баламды үйлөгөн элем. Шаардан...

Мага кол көтөргөн кайын эжемди жашоо кантип таразалаганын көрүп таң калдым

Кичинекей сары келин элем. Күйөөмдүн жооштугунан тажай баштадым. Анткени, ар ким келип үй-бүлөбүзгө асыла берчү. Өзгөчө кайын эжем тынчтык бербеди. Күйөөмөн канча жолу сурандым....

Күйөөм деп кайнимин жонуна секирип минип алып…

Кымбаттуу Аргументтин журналистери сиздерден сураныч мага окшогон шок келиндердин да жылуу маанай тартуулаган тагдырларын чыгарып тургулачы. Салам келиндерге. Келгилечи өзүбүздүн жакшы маанай тартуулай турган окуяларыбызды...